www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айеркен Саймаити өлдү, аны "Азаттык" биринчи жарыялап, Атамбаевдин тарапташтары эч ким айтпаса деле "Атамбаев өлтүргөн жок, ал камакта" -деп актанып жатат.
Кечээ, Айеркен Саймаити деген ишкер киши колдуу болуп өлдү. Аны эсиңерде болсо, "Азаттык" радиосу Раим Матраимовдун адамы, ал аркылуу 700 млн $ чыгарып кеткен деп айткан. Бирок, "Азаттык" иликтеген иликтөөсү толугу менен ушак, далили жок каралоо, документтеги коюлган кол жасалма, фотошоп болуп чыккан.
5-канал түз эфирде иликтөөнүн автору Али Токтакунов менен Искендер Матраимовду беттештирген. Эфирге чыгып алып койколоңдоп, "700 млн$ чыгарып кеткен, далилим бар" -деп жаткан Али Токтакунов оозуна талкан салгандай какаган. "Биз качан 700 млн $ Кыргызстандан чыгарып кеттик?" -деп Матраимов сураганда, "мен качан 700 млн$ чыгарып кетти деп айттым?"- деп шерменде болгон. Ошол каралоо иликтөөдөн кийин Матраимовдор 700 млн $ чыгарып кетпегени, "Азаттык" айткан Айеркен Саймаити менен Матраимовдордун байланышы болбогону ачыкталган. Жалган маалымат таратып алган Али Токтакунов дагы ошондон кийин бул темага кайрылган жок.
Айеркен Саймаити - ишкер. Ал, бир топ кылмыштар жана алдамчылыктарга айыпталып эл аралык издөөдө жүргөн. Эдил Байсаловдун иликтөөсү боюнча, ал Алмазбек Атамбаев менен чогуу иш кылып, Атамбаевдин белгисиз булактардан чогулган акчаларын Кыргызстандан чыгарып кетүүгө жол ачып берип турган. Бүгүн, ал киши колдуу болуп өлтүрүлдү.
Анын шектүү өлүмүн дагы деле саясатташтырып, "Азаттыктын" иликтөөсүндө ысымы айтылды эле,- деп божомол кылып сөз тараткандар багытты Матраимовдорго бурганга аракет кылышууда. "Азаттыктын" иликтөөсү Атамбаев тарабынан каржыланып, жалаң жалган маалыматтар менен камтылганы качан эле белгилүү болбоду беле?..
Дагы кызык суроо жаралат. Айеркен Саймаитинин өлүмү тууралуу "Азаттык" биринчи кабарлады. Аны Фейсбуктагы Атамбаевдин тарапташтары активдүү бөлүшүп, "Матраимов эле кылды"- деп жазып жатышат. Кайра эле Матраимовду жаманатты кылыш үчүн бул иш атайын жасалган жокпу? Анан калса Атамбаевдин Түркияда колу узун, илгертен бизнес кылган өнөктөштөрү бар. Окуя дагы Түркиянын аймагында болуп жатат. Ал эми Атамбаевдин тарапташтары эч ким сөз кыла электе эле "Атамбаевдин бул ишке тиешеси жок, өзү түрмөдө жатса..."- деп актанып жатканы кайра шектенүүгө себеп жаратып жатат.
Чын эле Айеркен Саймаитинин өлүмү анын ишкерчилиги, көп кылмыштар менен шектелип издөөдө жүргөнүнө байланыштуу болушу мүмкүн. Бир кытайлык адамдын өлүмү - Кыргызстанда түрдүү ушактар менен коштолуп сөз болуп жатканы кызыктуу.
Булак: NazarNews.kg