www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
16-мартта КР Президенти баш болуп, Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков төш болуп баштаган өлкөдө ишембилик болуп өткөн. Жогорку Кеӊешинин депутаттары, Аппараттын жана Иш башкармалыктын кызматкерлери борбор калаанын Эркиндик бульварында уюштурулган ишембиликке катышып, өз колдору менен көчөттөргө “чуңкур” казып, 350 эмен көчөтүн отургузуп, жол жээктериндеги таштандыларды тазалашкан.
Ошондо Төрага Дастанбек Жумабеков сүйүнүп: “Жыл сайын Жогорку Кеңештин депутаттары, Аппараттын жана Иш башкармалыктын кызматкерлери да ишембиликке чыгып, көчөттөрдү тигүү менен бөлүнгөн аймактарды тазалап келет. Бүгүн биздин кызматкерлер тарабынан олтургузулган ар бир көчөт келечекте калаа тургундарына жана шаар конокторуна кубаныч тартуулап, калааны көрккө бөлөйт деп ишенем”, – деген эле.
Эми далилге өтөлү.
Ишембилик болуп өткөндөн кийин Ак үй тараптын айланасын анегдоттогудай “айланып-айланып” өттүп сүрөткө тарттык. Алгач кире бериштеги Ак үйдүн алдындагы коомдук кабылдаманын эшигине көз жүгүрттүк, бул жерге жана Ак үйдүн жан-жакасына өткөн жылдан баштап эле шыпыргы тийбегендигине күбө болдук.
Ошол эле Ак үй тараптын айланасына жакын жайгашкан Кыргыз улуттук академиялык Т.Абдумомунов атындагы драма театрынын арты дагы шыпырылбай көз жаздымда калып кетти.
Эми сүрөттөр сүйлөсүн....
Булак: NazarNews.kg