www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү саясатчы, мурдагы бийлик учурунда саясый куугунтукка алынып, күнөөсү жок түрмөдө жаткан Садыр Жапаров апасы Кадижан Максүтовага жаназага келгендерге ыраазычылыгын билдирип сөз сүйлөдү.
--Урматтуу агайын туугандар, биринчиден баардыгыңыздар энебизге келип “бейиштен орун берсин” деп, тилеп жаткандарыңыздарга чон рахмат. Бирөөнүн сөөгүн көтөрүп бара жатса, ким канчалык көтөрүп бара жаткан сөөккө бейиштин орун берсин” десе, ошол тилек орундалат экен. Баарыңыздарга келгениңиздерге ыраазчылык билдиремин. Жамандык болбосун, жакшылык эле болсун. Өзүңүздөр билесиздер адилетсиз, мыйзамсыз түрмөдө жатканымды баарыңыздар билесиздер. Мен мыйзамдуу адилеттүү мамлекетте жашагым келет. Кудайым буюрса адилеттүүлүк четинен орноп келе жатат. Мурдагы бийликти билесиңер Кумтөр үчүн 2012-жылы камалганбыз. Бул мурдагы бийликтин өзүнүн кызыкчылыгы эле. Мен элдин кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгын баарынан жогору коёмун.
Ошондой эле Садыр Жапаров, “Кумтөрдөгү” алтын чет өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланып жаткандагын айтты.
Ага кошумча “энеме топурак салганга буйруптур, атама буйруган эмес. Бирок энемен дагы атаман да айрылдым”, деп кошумчалады Садыр Жапаров.
Булак: NazarNews.kg