www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 13- июнунда Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн искусство чеберлеринин “Улуу достуктун кербени” Гала-концерти болду. Гала-концертке КыргызРеспубликасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко жана Монголия Президенти Халтмаагийн Баттулга келишти. Эске салсак, 8 өлкө ШКУ мүчөсү болуп саналат. Алар: Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. 4 өлкө байкоочу макамына ээ: Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия.

Последние новости