www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Францияда 2019 - жылы исламга каршы кол салуулар андан мурунку бир жылга караганда 54 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, Франциянын Ислам Кеңешине караштуу Франция исламофобия байкоо үйүнүн төрагасы Абдуллах Зекри берген жазуу түрүндөгү маалыматта өлкөдө кол салуулар эң көп Рон-Альпы, Пака жана Париж да ичинде болгон Иль-де-Франс аймактарында болгондугун белгиледи.
Өткөн жылы мусулмандарга карата 154 кол салуу болгондугун белгилеген Зекри бул сандын андан мурунку бир жылга караганда 54 пайызга жогорулаган.
Зекри ислам менен террордун ортосунда байланыштын жок экендигин, Францияда жашаган мусулмандардын башка диндеги кишилер сыяктуу динин жашай алышы керектигин айтты.
Францияда көпчүлүгү түндүк африкалык 5 миллион мусулман жашап жатат. Франция Европада эң көп мусулман жашаган өлкөлөрдүн арасында биринчи орунда турат.
Булак: NazarNews.kg