www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гезитибиздин эски сандарында милициянын генералы Данияр Абдыкаровдун ишмердүүлүгү боюнча бир топ материалдар жарык көргөн. «Жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, убагында гезит болгон чындыкты жазган. Ал материалдардын арасында 2016-жылы, 2017-жылы жарыялангандар да бар.

Бирок, Д.Абдыкаров ошол материалдарга убагында реакция кылып, кызыкдар болуп жооп берген эмес. ЖМК жөнүндө мыйзамга ылайык маалымат жарык көргөндөн кийин ага жооп берип, төгүндөө мүмкүнчүлүгү бар. Мына Бакыт Шаршембиевдин пара алгандыгы боюнча интернет булактарында таратылган маалымат төгүндөлдү. Ошону менен иш бүттү.

Бирок, Д.Абдыкаров андай мүмкүнчүлүктөн пайдалангысы келбеди. Анын көздөгөнү башка экен. Акыркы мезгилде кадыр-баркын атасынын кунунан да жогору баалап, журналисттерди сотко берип, акча дооламай модага айланды. Мисалы, Ошто ишкер Жалил Атамбаев «ар-намысыма шек келтирди. Ишкердик беделиме доо кетирди» деп «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду ашык-кеми жок 50 миллион сомго айыпка жыкканга аракет кылды. Ыдырыс Исаков болсо «Жалил Атамбаев Салимбай байбача менен учурашып койсо эле, же Сооронбай Жээнбековду колдойм деп койсо эле кадыр-баркы 50 миллион сомго чыгып кетеби?» деп телевидениеге берген интервьюсунда эң туура жооп берди. Бирок, бул соттук процесс «сынды», арыз кайтарылып алынды...

Жалил Атамбаевге окшоп Данияр Абдыкаров да кадыр-баркын көкөлөтүп 10 миллион сомго баалап отурат. Эгер чындап эле ар-намысына доо кетсе, ал жанына батып, моралдык жактан жабыркаса, онтоп ооруканада жатат эле да, анан да өзү жөнүндөгү макала чыккан гезиттин сандарын көздүн каре-гандей сактамак. Эми болсо сотко арызды гезиттин ксерокөчүрмөлөрү менен бергени - бул куру намыс үчүн болуп жатканын далилдеп турат. Түштөн кийин анын адвокаты Эркин Жунушов китепканаларды, архивдерди түрө кыдырып, убара болуп, гезиттин эски сандарын «батиңкеси жыртылганча» издеп жатыптыр. Эгер жыртылса Данияр Абдыкаров жаңысын сатып берет болуш керек. Бирок, кеп анда эмес. Кеп Данияр Абдыкаров окубаган, билбеген, убагында көңүл бурбаган материалдарды адвокаттары «жердин астынан» издеп жатканында. Ушундан эле бул доо арыздын мотиви жасалма экени көрүнүп турат. Ал материалдарды көрбөсе, билбесе Данияр Абдыкаровдун кадыр-баркына кайдан доо кетет? Ал каяктан жүрүп моралдык жабыркоого учурайт?

Эми мындай жүйөлүү суроолордун баардыгын Октябрь райондук сотунун судьясы Майрам Дүйшөмбиева адилет териштирет (!) деп ойлойбуз. Ал э м и ар-намысы үчүн «Азия Ньюс» гезитинен 10 миллион сом доолап жаткан генерал Данияр Абдыкаров Кыргызстандын демократиясынын эң башкы жетишкендиги - сөз эркиндигине кол салып, журналисттердин тилин бууган авторитаризмди көксөп жатканын, демократиянын шорун шорподой кайнатып, муунтууга аракет кылып жатканын коомчулуктун эсине сала кетели. Сыягы, бул эргулдун артында кол жаңсап турган «дирижеру» бар окшобойбу?..

Булак: “АЗИЯnews-пресс”

Последние новости