www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Момбеков Чыңгыз Айтматовдун айылынанбы же Чыңгыз Айтматов Момбековдун айылынабы билбейм, негизи экөө тең Шекерден. Чыңгыз Айтматовго Шекерде эстелик кургандардын бири Рыске деп жүрүшөт, негизи мындай азаматчылыгы бар, кантсе да жүрөк эмес, тамашалап айтканда өпкө менен жашаган таластык эмеспи.

Атамбаев менен Момбековдун кандай байланышы бар?

Кыяз Молдокасымов деген Атамбаевдин ата-тегин сүрүштүрүп жүрүп атпай журтка таанылган шоркелдей бар. Ал Алматынын архивинен Атамбаевдин Шама атасы он башы экен деп таап чыкса, Атамбаев макул болбой, тарыхты бузуп: “Менин бабаларым Кокон хандыгында 1873-1876-жылдардагы Пулат хандын улуттук-боштондук кыймылы учурунда революция жасаган. Пулат хандын оң колу болуп, Кудаяр хандын каарынан качып Чүйгө көчүп келген” деп Молдокасымовго   “Кыргыз эл баатырын” бербей, “Манас” орденин берип коёт. Чындыгы, Нүзүп аталык баш болгон кыргыздар Шералыны ак кийизге салып хан көтөргөн. Бирок, көп өтпөй кутумчулардын аркасы менен Нүзүп аталыктын башы кетет. Алымбек датка баш болгон кыргыздар Шералы хандын башын алат. Бирок, анын уулу Кудаяр 1845-жылы такты алып, кыргыздарды кыра баштайт. Кыргындан жашырынып Чыңгыш баатыр менен бирге ашпозчусу кытайлык сарт Ша-Мао  кошо келет. Тамак соо Чыңгыш баатыр Ша- Маого  ыраазы болуп, көзүм өтсө да Ша-Маону  көкөлөтүп алгыла деп керээз калтырып кетиптир.

Кыяз акең куу да Атамбаевдин бабаларын мактап Алымбек датка менен бирге жүргөн революционер кылып таштайт. Мульти-миллиардер Атамбаев канча доллар бергенин ким билет, кытайлык сарт Ша-Маонун кыргыздын улуттук баатыры Алымбек датка менен тең даражада болуп калганы күйүндүрөт.

 Санжырага кулак төшөйлү: Шаршен, Ысак (Исхак), Атамбай, Шама, Норузбай, Турсун, Туматай, Кытай, Ажы бий, Меңди, Кутан...Демек, Кыяз Молдокасымовдун чыгармачылыгы боюнча Кытай Атамбаевдин сегизинчи атасы. Өзүнүн ата-тегин билбеген Атамбаев Кытай дегенди угуп алып, өзүн кытай уругунан экенмин деп эсептеп калган. Ошондуктан кытай уруусундагыларды тууганбыз деп колдоо көрсөтүп келген. Рыскелди Момбековдун уруусу дал ошол Кытай уруусу, шекерлик кытай. Ошондуктан кытай Момбеков “жалган кытай” президент Атамбаевдин тууганы катары Атамбаевдин тил боюнча долбооруна, рупоруна айланат. Кыяз Молдокасымов Атамбаевдин ата-тегин сүрүп баткендик Тейит экен деп чыгат. Курманбек Бакиев, Абдыганы Эркебаев тейит экени чын, карапайым тейиттер Атамбаевди тейитке кошпойбуз деп чыгышкан. Бүгүн Кыяз акебиз Ташкенде  кийинки президенттин ата-бабаларын архивден издеп жүрүшөт дешет. Ал эми Атамбаевдин убагында канатын кенен жайган булбул болуп жүрүп, Момун чалга айланып бараткан Момбеков кесиптешибиз моокумду качан кандырары белгисиз.

Убактылуу Өкмөттүн маданият министри

Рыске мырза апчесин президент кылып, өзү  Убактылуу өкмөттүн маданият министри болуп да оюн салып, ойпоң-тойпоңдоп жүрдү. Момбеков келе электе министрлик агентчилик деңгээлине түшүп калган, апчесине кайра-кайра кирип жатып министрлик кылган Момбеков деп жүрүшөт. Убактылуу Өкмөт банк ячейкасынан КАМАЗ менен миллиондорду алып жатканда,  Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев менен Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Ибраимова Элмира Султановна кечигип келген дешет. Аларга миллиондорду сунуш кылганда Атамбаев КАМАЗ акчадан ооз тийип коёюн деп 100 доллар алыптыр, Элмира айча кантсе да Султан Ибраимовдун кызы да, ал да банк ячейкасына кол салган эмес. Ал эми биздин кесиптешибиз маданият министри Рыскелди Момбеков алганбы, албаганбы белгисиз.

Арийне, аттуу-баштуу ошол мезгилдеги Убактылуу Өкмөттүн мүчөсүнүн айтканына караганда Рыскелди Момбеков миллиондордон кур калган эмес, Акаевге тиешелүү брондолгон ок өтпөстү менчиктештирип алып, кийин антиквариат аркылуу сатып, көп акчага ээ болгон имиш. Ушул маселени иликтеп берүүнү менден өтүнгөндө, мен баш тартканмын, негизги себеби Рыскелди Момбеков менен бирге отуруп, бирге  иштешкенбиз, бири-бирибизди “кидать” эткен эмеспиз, анан анын артынан түшүп иликтей тургандай, мага эмне шам эле. Рыскелди Момбеков менен акыркы ирет ЖКга депутат боло электе жолугушканбыз. Ал кезде “Учкун” концернинин жетекчиси болуп турса деле төрөпейилдигин көрсөткөн эмес. Мурунку кесиптештердей эле жолукканбыз.

2005-жылы апрелде Акаев мыйзамдуу президенттен баш тартыш үчүн кол коюп берүүсүн өтүнүп Өмүрбек Текебаев, Кадыржон Батыров, Садыр Жапаровдор барганда Аскар Акаевич менчик мүлктөрүн, анын ичинде ок өтпөс брондолгон “Мерседесин” өзүнө калтыруусун суранган. Мындай эркектик келишимдерди сактаган Бакиевдик бийлик Акаевдин менчик мүлктөрүнө, анын ичинде ок өтпөс брондолгон “Мерседесине” тийген эмес. Бирок, 2010-жылы бийлик алмашкан соң Акаевдин “Мерседеси” дайын оту менен жок болгон.

Рыскелди Момбеков 2020-жылы кайрадан депутат болобу?

Учурда Рыскелди Момбеков депутат болуп келген СДПК шилендиге айланып, шиленип баратат. “Атамбаевсиз СДПК” уюштурам деген Сагынбек Абдрахманов да талпакка айланды. Баса, Сагынбек Абдрахманов айыл өкмөтүндө депутат болуп жүргөндө Атамбаев мурдунан жетелеп келип парламентке депутат кылган. 2010-жылдын апрелинен баштап  өзүн апрель баатыры эсептеген Сагынбек Абдрахманов Атамбаевдин эшигин тээп кирип, Раиса Атамбаеванын сыйын көрүп, козу сойсо шарпосун ичип жүргөн. Аны Атамбаев Чүйгө губернатор кылды, “Кыргызалтынды” жетектетип 30 миллион доллар менен оозун аарчытты. Атамбаевдин башына күн түшөр менен биринчилерден саткан Сагынбек Абдрахманов болду.

Рыскелди Момбеков Текебаев үй камагына чыкканда Алмамбет Шыкмаматов менен Военно-Антоновка жактагы заңгыраган хансарайына чакырып ой-да коноктогону айтылган. Текебаев маегинде: “Рыскелди Момбековго окшогондор парламенттик шайлоону ойлошуп, партия издей баштады”-деп оюн ортого салган. Учурда “Ата-Мекен” фракциясынын мурунку лидери Текебаев менен азыркы лидери Шыкмаматов кейкеңдеше кетип, Шыкмаматов мандатын тапшырып кетти дешет. Балким анын ордуна парламенттик шайлоодо Текебаевге сый көрсөтүп жүргөн кесиптешибиз барар?

Рыскелди Момбеков Бишкекке келген Социалисттик интернационалдын “Генеральный секретары” Луис Айялага барып СДПК партиясынын тагдырына кейип турганын айтып даттанганы белгилүү. СДПК партиясы бүгүнкү күндө башынан оор күндөрдү өткөрүп жатканы чын. Бирок, Рыскелди Момбековдун Луис Айялага кийинки шайлоого катыша турганга көмөк көрсөткөнгө жардам берүүсүн суранып тизе бүккөнүнө таң калса болот. Эмне Рыскелди Момбеков “Генеральный секретарды” КПСС БКнын Генеральный секретарлары Брежнев, Андропов, Черненко, Горбачевдой көрүп шайлоого акча сурап жатабы? Азыр Брежнев, Андропов, Черненко тирилип келсе да кыргыздар укпай турган заман келген.

“Бир болдун” билерманы Алтынбек Сулайманов бир добушту 10-20 миң сомго сатабыз дей баштады. Хансарайынын жанында футбол аянтчасы, элиталык батирлери бар,  кымбат баалуу машина менен жүргөн,  «Учкун» АКсынын имаратында өзүнө тиешелүү чакан басмаканасы бар. Таласта бир нече жер тилкелерге да ээлик кылган кесиптешибиз 2010-жылга чейин биздей эле айлыкка жашаган журналист эмес беле? Эми Алтынбек Сулайманов экөө бир добушту 10-20 миң сомго сатабыз деп жатканы “Генеральный секретарь” Луис Айяланын миллиарддарына таянып жатканыбы? Журналисттердин бийиктеп өсүп баратканы журналисттер үчүн сыймык, бирок караламан калкка тиешелүү мүлктөрдү мүлжүбөй, 2010-жылга чейин айтып жүргөндөй  калктын камын ойлосо дурус болмок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости