www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жумушсуздар үчүн жөлөк пулду 123 киши алат, анын суммасы канча?

Жумушсуздук боюнча жөлөк пулду 123 киши алат.  Бул боюнча бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Токтосартов Камалдин маалымдады.

Министрдин маалыматына караганда мамлекет тарабынан 123 кишиге 300 сомдон төлөнүп берилет.

Жөлөк пул алуу үчүн паспорт, эмгек китепчеси, билими тууралуу документ керектелет.  

Эмне үчүн аз сандагы документтер керектелсе да адамдар жөлөк пул алууга кайрылат деген суроого Токтосартов Камалдин жооп берип: “Эл бул жөлөк пулду алуунун ордуна башка чараларды колдонууну, мисалы, жумуш издеп кетүүнү туура көрөт”,- билдирди министр.

токтосартов камалдин акунович эмгек министри сурамы боюнча табылган сүрөттөр"

 Анын айтымында жумушсуздарга берилүүчү жөлөк пулга өкмөттөн  5 миллион сом каралган. Муну уккан депутат  Казакбаев Руслан: “Бул каражатты пенсионерлерге, майыптарга болгүлө. Дени соо уул-кыздарыбызга 300 сомдон берүү уят”,-деп  айтты.

Эске сала кетсек, министрликтин каттоосунда 94200 киши турат, алардын 76100 официалдуу жумушсуздардын статусун алган.

Мыйзам боюнча эркектер 18 жаштан 63 жашка чейин жумушсуз болуп саналса,  аялдарга 18 жаштан 58 жашка чейин жумушсуз болуп катталып, жөлөк пул алса болот.

Булак:Nazarnews.kg

Последние новости