www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус чыккан Ухань шаарында  тургундар флешмоб башташты. Жергиликтүү тургундар бир убакта балкондорго же терезелерден чыгып алып атайын лозунгдарды кыйкырып жатышат. Видеону аталган шаардын тургуну, Aamir Razzaq твиттердин колдонуучусу жарыялаган.

Кадрларда көрсөтүлгөндөй элдер бир убакта “Ухань май кош”, “Ухань күрөшүүнү уланта бер” жана “Ухань кайраттуу бол” деген маанини түшүндүргөн лозунгдарды кыйкырышууда.

Уханда камалган калк мындай акцияны WeChat приложениеси аркылуу таратууну пландашкан. Алар саат 20:00дө терезеден чыгып, бири-бирин колдойлу деп сүйлөшүшкөн.

Daily Mail агенттиги билдиргендей, мындай акцияга дарыгерлер каршы чыгышкан. Алар вирус аба аркылуу жугаарын эскертишип, үстүнкү кабаттагы адамдын шилекейи астынкы кабаттагы адамга түшөөрүн айтышкан. Алар тургундардан бул акцияны токтотууну же болбосо бет капчан кыйркырууну суранышкан.

Эске салсак коронавирус оорусу 2019-жылдын декабрь айындаКытайдын  Ухань шаарында чыккан. Учурда Кытайда бул вирустан 132 адам каза болуп, ооругандардын саны 6 миңге жакындады. Мындан сырткары, аталган виурс 15 өлкөгө тарап кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости