www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министринин орунбасары Абдыкаров “Азияньюсту” сотко берип кайра достошуп тынган. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев “ар-намысыма шек келтирди” деген негизде “Азия-Ньюс” гезитин сотко берди. Кызык эл милицияга таянчу эле, эмки министрлер өз арбайын согуп калыптыр, мүмкүн иши соолгундап бараткандыр.
Фотоколлаж жана Кашкар Жунушалиевдин оюнча чындыкка жатпаган маалыматты камтыган макалалар боюнча. 5 млн. сомдук доо коюлуп жатат. Жунушалиевдин адвокаты министрликтеги кадр маселелери боюнча жазылган маалымат да арыз берүүгө негиз болгонун кошумчалады.
Октябрь райондук соту буга байланыштуу ишти 19-июлда карап, макала-сүрөттөр боюнча гезиттин тиешелүү кызматкерлери дагы түшүндүрмө берсин деген негизде кийинки отурумду 1-августка белгиледи. Арыз бир ай мурда берилген. Жунушалиев аталган гезиттен 5 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүндү. Балким андан аз акчага ресторанда тойбой калар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»