www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Грузиянын шайланган президенти Саломе Зурабишвили Орусиянын Украина жана Грузияга каршы жасаган аракеттеринен улам ал өлкө менен кызматташууга мүмкүн экендигинен күмөн санап жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Би-Би-Си радиосуна берген интервьюсунда айтты.

Зурабишвили Орусияны Грузия аймагынын ичин көздөй акырындык менен жылып, таанылбаган Түштүк Осетия республикасы менен чектешкен жердеги жарандарды уурдоого айыптады.

Буга чейин Грузия бийлиги Орусияны Түштүк Осетия менен чектешкен аймактардан адамдарды уурдоого бир нече жолу айыптаган. Москва Түштүк Осетияны көз карандысыз мамлекет деп эсептейт жана анын аймагында өзүнүн 4 миң жоокери бар аскердик базасын кармап турат. Орусиядан тышкары аталган өлкөнүн көз карандысыздыгын беш гана өлкө тааныган. Түштүк Осетия Абхазиядай эле орусиялык аскерлердин катышуусундагы жаңжалдан кийин 2008-жылы Грузиядан бөлүнгөн. Тбилиси менен Батыш өлкөлөрү Москванын аймактагы бул аракетин агрессия жана оккупация деп баалашкан. Орусия болсо өз аракеттерин тынчтык орнотуу операциясы деп эсептейт.

Президенттик шайлоонун экинчи айлампасында Зурабившили атаандашы Григол Вашадзеден дээрлик 20 пайызга көп добуш алды. Өлкөнүн мурдагы президенти Михаил Саакашвилинин тарапташтары колдогон Вашадзе шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдирди. Ал бийликти бурмалоолорго жана шайлоочуларга кысым көрсөтүүгө айыптады. Вашадзенин айтымында, «Грузин кыялы» жеңишке жетүү үчүн кылмыш дүйнөсү менен көмүскө бүтүмгө барган. Оппозициялык талапкердин тарапташтары бейшемби кечинде Тблисиде митинг өткөрүүгө ниеттенишүүдө.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости