www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүленизмдин жашыруун бети

Азыркы кыргыз саясатында экс-президент жана анын мурунку досу — азыркы туруктуу саясий оппонентине айланган Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы тирешүү эң актуалдуу тема бойдон калууда. Арийне мурунку президент тарабынан жасалган иштерге жана мамлекеттик маанидеги конкреттүү кадамдарга олуттуу ревизия жасалып, алды кылмыш иштерине айланып, териштирилип жатканына карабастан, экөөнүн тең позициясы бир маселе боюнча азырынча дээрлик бирдей болууда…

Экс-президент Алмазбек Атамбаев тарабынан Түркиядагы соңку төңкөрүш жасоо аракетинен соң, Кыргызстандагы “Себат” билим берүү мекемелеринин аталышын “Сапат” деп өзгөртүп, бирок, иш жүзүндө, формалдуу түрдө, Билим жана илим министрлигинин көзөмөлү киргизилди деп айтылганы менен да, алар мурунку калыбынан эч өзгөрбөй, өз иштерин улантышууда… Муну түшүнгөн Түркия президенти Реджеп Эрдоган Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркияга расмий визити учурунда түркиялык оппозиционер Фетхуллах Гүлендин Кыргызстандагы тарапкерлери менен күрөшүүгө чакырган.

Бул ирет да кыргыз президенти аталган маселе атайын органдар тарабынан териштирилет, алардын жыйынтыктары боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт деген жалпы жооп менен чектелген. Андан бери бир кыйла убакыт өттү. Ал эми Кыргызстанда адегенде психологиялык жактан гана чабуулга кабылышкан, андан бир аз убакыт соң, дароо өздөрүнө келишкен гүленчилер эстерин жыйып, “эң мыкты коргонуу – бул чабуул” деген тактиканы колдонушкан. Кыргызстандагы “гүленчилер” массалык маалымат каражаттары аркылуу кыйла күчтүү жана катуу уюшулган пропагандалык акцияны жасоого да үлгүрүштү. Алардын квинтэссенцияланган, пресстелген кыскача мазмуну: аталган окуу жайлары Кыргызстанга эч кандай зыян келтиришкен жок, тескерисинче, кайра жаш муундардын, калктын билим деңгээлин көтөрүп, зор пайда келтиришип, бул үчүн өздөрүнүн финансылык каражаттарын аябай чачып келе жатышат!..

Бирок, маселенин кызыгы дал ушунда турат, – “гүленчилер” атка конгон түпкү маңызы геосаясий багыттагы максаттар болгон кыймылдын иш стили жана стратегиялык ички табияты боюнча алып караганда, алар негизги идеялары жабык уюм болгондуктан, эч качан ачык иш жасашпайт. Ал эми сыртынан демейки, эң жөнөкөй билим берүү мекемелери сыяктуу эле ачык иш алып барып жатышкандай туюла берет. Аларды дыкаттык менен текшергенде да, ошол “айсбергдин” төмөнкү катмарларына көзү жетпегендер эч нерсе таба алышпасы түшүнүктүү.

Гүленизм же гүлендик деп аталган геосаясий жабык уюм дүйнөлүк масштабда кулач жайып, өз структурасы боюнча алганда жабык-секталык, майда ячейкалардан куралып жүрүп олтуруп, эң жеткен бийик чокусу АКШнын Пенсильваниясында саясий башпаанек таап, миллиардер-филантропко айланып, жалаң гана кайрымдуулук жана гуманитардык иштер менен алектенип жаткан сыяктанган Фетхуллах Гүленге барып такалат.

Дагы бир сырдуу маселе – Гүлендин миллиарддаган каражаттарынын баштапкы булактарынын жоктугу. Ал ушунчалык эбегейсиз (бүткүл планетардык масштабда, бардык континенттердеги өлкөлөргө чачып жаткан!) каражаттарын кантип тапкан? Баштапкы капиталы кандай болуп, кандай жолдор менен тез арада байып, саналуу миллиардерлер катарына кошулган? Бул суроолор жоопсуз калууда. Ошол эле учурда, ар кандай деңгээлдеги иликтөөчүлөрдөн баштары маң болуп, башка бардык миллиардерлердин өсүп-өнүгүү жолун изилдеп, баюунун тепкичтерин кандай басып өткөнүн тактай алышарын белгилешет. Бул этаптар кандайдыр бир деңгээлде, табышмактуу жана сырдуу болгон учурда деле. Айталык, дүйнөгө таанымал филантроп-миллиардер Жорж Сороско ал өз каржаттарын биржалык спекуляцияларда жана да ушуга байланышкан шылуундук-афералык операцияларда тапкан деген сөздөр айтылып жүрөт. Ал эми Фетхуллах Гүлен тууралуу жада калса ушундай илинчек да жок. Демек, анын соолугус финансылык булагынын “түбү” АКШнын чалгындоо органы болгон БЧБнын (ЦРУ) жертөлөлөрүнөн оргуп чыгып жатышы да толук ыктымал. Минтип айтууга бир катар фактылар жана дал келүүлөр негиз берет.

Азыркы кезде Түркияда “гүленчилер” мыйзам чегинде жоопко тартылып, алардын бул өлкөдөгү АКШдан кийинки саны боюнча экинчи орунда турган көптөгөн мектептери жабылган. Андан кийинки орунда Азербайжан, Кыргызстан, Россия жана башка өлкөлөр турушат. Жогорудагы өлкөлөрдөгү мектептер ондоп саналса, АКШда гүленчилердин мектептеринин саны 150дөн ашат.

Соңку жылдарда бул кыймыл мурдагы Союздук деп аталган, Борбор Азия мамлекеттеринде аябай активдеше баштаганы байкалууда. Мындан бир нече жыл мурда Өзбекстандагы жана Кыргызстандагы Гүлен мектептеринде иштешкен БЧБнын 130 агенти англис тилинин мугалимдери катары жүрүшкөнү аныкталып, бул маалымат массалык-маалымат каражаттарында жарыяланган.

Дагы бир өзгөчө белгилеп кете турган нерсе – гүленчилер мектебинде милдеттүү түрдө окутула турган тил – англис тили болуп, калган тилдер окуучулардын өз каалоолору боюнча тандалып алынып, бирок, бардык сабактардын баары англис тилинде берилет. Эмне үчүн? Фетхуллах Гүлен өз улуту боюнча түрк болуп, АКШда кийинчерээк гана жашап калгандыгына карабастан, ал БЧБ менен мурдатан эле кызматташып, алардын глобалдык-планетардык геосаясий оюндарына идеялаш болуп жүргөнү үчүнбү? Же бул дүйнөлүк масштабдагы эң күчтүү чалгындоо уюмуна финансылык жактан көз каранды болгону үчүнбү?

Айтор, күмөндүү суроолор көп…

Түркиядагы төңкөрүш жасоо аракеттеринен кийин «Фето» уюмунун тарапкерлери болушкан 50 миңден ашуун адам камакка алынган. Демек, гүленчилер жаш муундарды тарбиялоо, даярдоо аракеттери менен гана чектелип калбастан, башка ар кандай курактагы адамдарды өзүнө тартуу жана коомдук-саясий таасирин күчөтүү багытында да иш алып барышууда. Ошону менен бирге эле, алар абдан маанилүү мамлекеттик органдарда (айталык, Түркияда, аскердик түзүмдөрдө жана полиция кызматында) өз таасирин күчөтүүгө умтулуп келишкен. Оңунан чыкпай калган төңкөрүштө эң жогорку эшелондогу гүленчил аскер жетекчилери турушкандыгы да дал ошону менен түшүндүрүлөт! Дегеле, Түркиянын Конституциясы боюнча аскер күчтөрү мамлекеттик түзүлүштүн башкы коргоочусу катары көрсөтүлгөн (мамлекеттин “защитниги” деп же биздин Конституцияда – “бийликтин башкы булагы – эл” деген сымал. Дал ушул аныктамага таянып алып, элдин атынан чыккан ар кандай багыттагы, саны чакан, чектелүү эле топтордун бийликти алмаштыруусу “революцияга” айланарын Кыргызстандын XXI кылымдагы тарыхы таасын тастыктады!). Ушул аныктамага таянган аскер күчтөрү соңку 30 жыл ичинде эле 3 ирет төңкөрүш жасашкан. Ал эми 2016-жылдагы төңкөрүш жасоо аракети Россиянын чалгындоо кызматынын алдын ала эскертүүсүнөн улам ишке ашкан эмес. Аталган уюмдун коркунучтуулугун жана ага каршы күрөштү алдын алуу боюнча сунуштарды Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү катары баалаган. Экс-президент түрк мектептери жакшы билим беришет, ошондуктан аларды жабууга болбойт деген. Бул мектептер тууралуу коомчулук арасында пикирлер ар түркүн. Чынында эле чет тилдерди жакшы билип чыгышканына карабастан, жатак мектептерде үй-бүлөсүнөн жана менталдуу коомдук чөйрөдөн алыстай башташкан жаңыдан гана инсан катары калыптана башташкан балдар масондук стилдеги жарым жабык чөйрөнүн таасиринде калыптанышарын айткандар да бар.

Окууга акы төлөө наркы абдан жогорулугуна нааразы болгондор да арбын. Азыр алты миллион калкы бар чакан Кыргызстанда 25 ушундай мектептер иштеп, аларда 12,5 миң окуучу билим алууда. Алар башынан эле коомдун бай жана азыркынын ак-сөөктөрү аталган чөйрөдөн чыгышкан балдарын атайын каста сыяктуу өзүнчө бөлүп алып, аларды алыскы (а балким жакынкы эле?!) келечекти көздөгөн жабык сырдуу максаттарга карай алдын ала даярдап жатышкан жокпу? – деген табигый суроолор жаралбай койбойт. Мындай абдан маанилүү суроолорго мамлекеттик атайын органдар гана так жооп бере алышат.

Азамат Салиев

Булак: "Жаңы Ордо"

Последние новости