www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү каарманыбыз өзүн ар тараптан сынап, моделдик таланты менен бирге чыгармачылык чөйрөнү айкалыштырган ажарлуу айым Аяна Арстанбекова болмокчу.
-- Аяна, сулуулукка кантип кам көрөсүз?
-- Ар бир аялзаты сулуулукка кам көрүп, өздөрүн карап жүрүшү шарт. Анын сыңарындай, мен да сулуулук дүйнөсүнө кызыгып, атайын салон ачкам. Учурда сулуулоочу (визажист) болуп эмгектенүүдөмүн. Өзгөчө модель болгон соң келбетке, тулку бойго дайыма кам көрүү зарыл. Студент кезимде “тулку боюңуз модель болууга туура келет экен” деп моделдик агенттикке чакырышкан. Ал жактан сулуулар сынагына катышып, 2-орунду багынткам. Ошентип, бул чөйрөгө аралашып, көргөзмөлөргө чыгып калдым. Өзүм 27демин. Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында төрөлгөм. Үй-бүлөдө эки бир туугандын улуусу болом. Жолдошум бар. Бир уулдун ата-энеси болдук.
-- Жолдошуңуз модель болууга кандай көз карашта, каршы болбойбу?
-- Жок. Биз кыз-жигит кезибизде эле модель экенимди билчү. Турмушка чыккан соң да ар тараптан колдоо көрсөтүп калды. Моделдерди ар кайсы региондорго көргөзмөлөргө чакырышып турат эмеспи. Жакында эле Ошко атайын көргөзмөгө барып келдим. Моделдик чөйрө менин жакшы көргөн ишим. Андыктан, аны сыйлап, колдоп, эч каршы болбойт.
-- Өзүңүз кайсы кесиптин ээси болосуз?
-- Бишкек гуманитардык университетинде менеджмент-организатор бөлүмүндө билим алгам. Бирок, окууну аяктаган соң, кесибим менен иштегим келген жок. Мени чыгармачыл чөйрө көбүрөөк кызыктырды. Бала кезде стюардесса же ырчы болууну кыялданчу элем. Ал үчүн окуп жүргөн кезде атайын ийримдерге катышчумун. Өзүбүздүн “Мунай” деген тобубуз бар болчу, ошол жакта ырдап жүрдүм. Анан студент кезде ыр жаздырып, филармонияда алгач ырдап чыккам. Ортодо шартка байланыштуу бир аз аксап калды эле. Эми буюрса кайрадан жандандырып, ырдап чыгуу планымда бар. Ошондой эле тасма талаасында өзүмдү сынап, “Кайнене” комедиясында роль жараттым. Жакынкы күндөрү көрүүчүлөргө сунушталат. Буга чейин “Фемос” моделдик агенттиги менен да иштешкем. Ал эми азыр ишимди Инстаграм аркылуу улантып келе жатам.
-- “Модель” десе эле айрымдары жеңил ойлуу кыздардай кабыл алышат эмеспи, аларга жообуңуз?
-- Ар бир адамдын өзүнчө жеке ой жүгүртүүсү болот эмеспи. “Эл оозунда элек жок” дегендей, мындай кептер айтыла берет. Бирок, моделдерди “жеңил ойлуу кыздар” деп ойлогондор жаңылышат. Себеби, ар кандай сулуулар сынагына катышууда моделдердин жеке эле сулуулугу каралбастан, анын ички жандүйнөсүнө, акылына, ыйманына, тарбиясына да өзгөчө көңүл бурулат. Анткени, өлкөдөгү сынактан жеңген моделдер чет мамлекеттерде мындан да бийик, жогорку масштабдагы конкурстарда биздин өлкөнүн намысын коргошот да. Андыктан, ар бир моделдин жоопкерчиликтүү болушу шарт.
Назима Жумаева
Булак: “Азия Ньюс”