www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облусундагы Туз айылынын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарындагы ката Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева «Новые лица» гезитине берген интервьюсунда «Учкун» басмаканасы катасы бар аттестаттарды өз эсебинен алмаштырып берет деп билдирди.
«Биздин кызматкерлер МККнын кызматкерлери менен биргеликте алгачкы нусканын үстүндө иштеп өткөрүп беришкен, бардык кол тамгалар турат. Бардык тамгалар туура жазылганын лупа аркылуу көрсө да болот. “Учкунда” эмне болгонуна комментарий бере албайм. Алар аттестаттарды өз эсебинен алмаштырып берүүнү убадалашты», — деп айтты министр.
Андан тышкары, «Басмакананы аныктоо тендерин Билим берүү министрлиги эмес, МКК өткөрөт. Буга МККнын бюджетинде каражаттар каралган. Биздин министрликтен ага бир да тыйын каралган эмес. Конкурстун жыйынтыгы боюнча аныкталган басмакана так отчёттуулук менен тираждап, басып чыгарат», — деп кошумчалады Кудайбердиева.
Буга чейин мектеп бүтүрүүчүлөрүнө катасы бар болгон 95 миң аттестат тапшырылган. Баалардын табели аттестатсыз жараксыз деген жерде «жөнүндөгү» сөзү “ң” тамгасы менен жазылган — «жөнүҢдөгү». Бирок аттестаттарды бастырып чыгарган «Учкун» полиграфиясынан ката кетиришпегенин, бул шрифттин эффектиси экенин билдиришкен.
Булак: NazarNews.kg