Гулшайыр Садыбакасованын уулу эмнеден каза болгону айтылды
Коом  |   |  29077

Гүлшайыр Садыбакасованын уулу эмнеден каза болгону айтылды. Маалыматты жергиликтүү басылмага  Сайкал Садыбакасова тастыктаган. 

“Иним кечээ түнү Бишкектеги үйдөн жүрөгүм ооруп жатат деп калды. “Тез жардам” кызматын чакыртып, ооруканага алып бардык. Көп өтпөй эле көз жумду. Жүрөгү кичине ооручу окшойт. Бирок астма оорусу менен жабыркап келген. Эркин 19 жашта эле, Эл аралык мамилелер академиясында окучу”, – деген ал.

Ал эми Эркин өзү дагы бир нерсе сезгендей Инстаграм баракчасынын тарыхча бөлүмүнө акыркы ирет “Оюн бүттү” деп жазган.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями