www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Росгвардиянын атайын даярдыктагы бөлүгү Европа кызматташтык коопсуздук уюмунун (ЕККУ) байкоочулары Украинанын атайын кызматынын кызыкчылыгына иштегени тууралуу далилдерди тапты. Бул туурасында Росгвардиянын сайтында маалымдалды.
Украинанын Херсон шаарында Коопсуздук кызматынын Херсон облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы начальниги Вячеслав Савченконун үйү тинтүүгө алынган.
"Табылган документте ЕККУнун өкүлдөрүн Савченконун калкалаганы көрсөтүлгөн. Уюмдун байкоочулары анын үйүнө тез-тез келип турганын жергиликтүү тургундар көргөн. Росгвардиянын жоокерлери Россиянын Крымдагы куралдуу күчтөрүнүн Ростов, Смоленск, Белгород жана Воронеж облустарында жайгашкан жерлери тууралуу чийилген схеманы тапты. Бул миссиянын кызматкерлери Украинанын жана НАТО өлкөлөрүнүн кызыкчылыгы үчүн чалгындоо иштерин жасаганын дагы бир ирет далилдеп жатат", — деп айтылат маалыматта.
Документтер тийиштүү органдарга өткөрүп берилген. Росгвардия эл аралык уюмдун Украина жетекчилиги менен кызматташууда расмий укуктарынан аша чаап кеткенин белгиледи.
ЕККУ 1-июлда 23 жылдык ишмердүүлүгү аяктаганын билдирип Украинадагы кеңсесин жапкан.
Булак: NazarNews.kg