www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Курманбек Бакиев өзүнүн иши боюнча сот процесстерине онлайн катышууга, керек болсо Кыргыз Республикасынан келген тергөөчүлөрдүн бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экенин кыргыз тилдүү «Жаңы ордо» гезитине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандык Фемида өкүлдөрү жана укук коргоо органдары Лондон сотунан үлгү алса болмок.

«Мен бардык эл аралык сотко катышууга даярмын. Менин фамилиям тарых барактарында таза болуп, элибиздин алдында акталышы үчүн мен баарына даярмын. Бизден кийин неберелерим башын бийик көтөрүп биздин фамилияны алып жүрүшсө дейм. Мен акыйкатты эңсеп жүргөндүктөн, чындыктан качпаган адаммын. Соттордун мага карата чыгарган чечимдерин да көрө элекмин. Менин жашаган жеримди өлкө жетекчилиги билет да. Мага коюлган айыптар боюнча менден эч ким сураган жок. Бүгүнкү күндө көптөгөн мамлекеттердин лидерлери бири-бири менен онлайн аркылуу байланышууда. Эмне үчүн сот Лондондогудай Кыргызстанда өткөрүлбөйт?». Бул тууралуу Курманбек Бакиев билдирди.

Мурунку президент анын уулу Максим Бакиев буга чейин Лондондо Шон Дейлинин доо арызы боюнча соттолуп, аны онлайн режимде судья суракка алганын билдирди.

Последние новости