www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эмне үчүн кайсыл бир кишилер башкалардан ийгиликтүү? Эгерде сиз ушул суроону өзүңүзгө берген болсоңуз, анда бул маселеге көңүл бура турган убакыт келиптир.
Эрте турганды үйрөн!
Спорт менен машык!
Жеген, ичкен жана чеккен зыяндуу нерселерди ташта!
Сага чындап эмне жагарын аныктап ошолорду кыл!
Убакытты туура колдонгонду бил, иштериңди ошого жараша башкар!
Айлана чөйрөңө даттанба алар болгонундай эле!
Өткөн чактагы пайдасыз нерселерди унут ( коё бер )!
Керексиз нерселерди ыргыт!
Максатыңды аныкта, кагазга жазып дубалга илип кой!
Дем алуу күндөрүн берекеттүү өткөр!
Чет тилдерин үйрөн!
Тышкы көрүнүшүңө көңүл бур, кымбат эмес бирок келбеттүү кийингенди үйрөн!
Чөйрөңө ачык акылдуу жана ийгиликтүү адамдарды топто!
Кайрымдуулук кыл, жетим балдар үйүнө барып тур!
Маданиятка көнүл бур театр, музей көргөзмөлөрүнө барып тур!
Акча салым кыл!
Алгандарыңа караганда бергендериң көбүрөөк болсун!
Жаңы адамдар менен танышканда жаңы нерселерди үйрөн, майектерди пайдалуу өткөр!
Клавиятурада он (10) манжа менен жазганды үйрөн!
Компютердик оюндардан, социялдык тармактардан жана интернеттен маанисиз нерселерден алыста!
Саякаттанууну башта!
Фото апаратты ал да айлана чөйрөңдөгү кооздуктарды көргөнгө арекет кыл!
Ушул жазылган сүйлөмдөрдү күндө эки жолу окуп ой жүгүрт... бүгүн эмне жумуш аткардым, кимди капа кылдым жана кече ким элем ... бүгүн ким болдум деген суроого жооп изде...
Жаман ой, кайгы-капа адат болуп калса, адамдын бетине бырыш түшүп из калтырат. Өзүӊө ишен. Ишеничиӊ бекем болсо башкалардын бузуку ойлору сага таасирин тийгизбейт. Өзүӊдүн өзгөчөлүгүӊдү бил. Чыгармачыл ойлор жакшы маанайда келет, жагымдуу чөйрөдө ойлор чыӊалат эмеспи. Өзүӊө жагымдуу чөйрө түз! Жаман ойдон алыс бол. Жаман ой жамандык тартат. Ийгиликке багышталган ойлор ийгилик тартат. Сенин позитивдик ой жүгүртүүӊ башкаларга да жакшы таасирин тийгизет. Жакшы адамдар сени өздөрү табат. Бул табияттын закондору, муну биз ойлоп чыкпаганбыз, бизге чейин болгон жана боло бермекчи!
Автор: Байзак Сайитбурханов