www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук баракчасында Кытай Эл Республикасынын жарандары милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлүн сабап жатышкандыгы тартылган видео тасма тарап жаткандыгы боюнча ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет, аталган окуя 2014-жылы катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык), 341-беренеси (Бийлик өкүлүнө карата күч колдонуу) жана 174-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) боюнча кылмыш иши козголуп,  тиешелүү бардык тергөө амалдарын жүргүзүү менен Кыргыз Республикасынын  мыйзамына ылайык материал сотко жөнөтүлгөн.

Акыркы убактарда WhatsApp жана башка социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды камтыган жана аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козутууга багытталган аудио-билдирмелер менен видео тасмаларды таратышууда.

Ички иштер министрлиги жана анын бөлүмдөрү жогорудагыдай чагымчыл материалдарды тараткандардын өздүгүн тактоо  боюнча иштерди жүргүзүп жатат. Аймактар аралык (улуттар аралык) кастыкты козгоого багытталган материалдарды даярдоо менен таратуу Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин (Улуттук (этностор аралык), расалык, диний же регион аралык кастыкты козутуу) негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Ички иштер министрлиги жарандарды WhatsApp жана башка социалдык тармактарда, Интернетте чагымчыл маалыматтарды таратуудан алыс болууларын жана ушундай фактылар  боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына 102 номуру аркылуу  кайрылууларына чакырат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамын билбегендик, жарандарды кылмыш жоопкерчилигинен бошотпойт.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости