www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Интернетте ички иштер органдарынын жетекчилеринин сүрөттөрү колдонулган жарнамалар — фейк. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жарнамаларда ИИМдин Кибер бөлүмү брокерлерден жабыр тарткандарга бир нече күндүн ичинде акча каражаттарын кайтарып берүүгө жардам берери көрсөтүлгөн. ИИМ мындай билдирүүлөрдү жөнөтпөйт.

Кечээ, 1-февралда ИИМ тарабынан, аталган кылмышка тиешеси бар шектүү Чүй облусунун тургуну, кош жарандыгы бар, 1985-жылы туулган, С.М. аттуу жаран кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүүнүн убактылуу жашаган жеринен тинтүү учурунда накталай акча каражаттары, роутерлер, банк карталары, уюлдук компаниялардын 90 даанадан ашык сим-карталары, сим-бокс жабдуулары табылып, алынган.

Маалымат үчүн: Сим-бокс (SimBox) — бул уюлдук байланыш тармагын алдап, эл аралык чалууларды жергиликтүү деп жашыруу үчүн колдонулуучу шайман. Алдамчылыктын бул ыкмасын шылуундар көбүнчө эл аралык чалууларды ички же акысыз чалуулардын баасына жасоо үчүн колдонушат.

Учурда кармалган адамдын байланыштары жана уюшкан кылмыштуу топтор менен болгон байланыштары, анын ичинде чет өлкөдөн каржылоо жана жабдуулардын келип чыгышы текшерилип жатат. Ошондой эле анын башка мыйзамсыз алдамчылык аракеттерге катыштыгы бар экендиги текшерилет.

Тергөө иштери улантылууда. ИИМ жарандарды сак болууга жана шектүү билдирүүлөрдү алуудан мурун, маалыматты Ички иштер органдарынын расмий булактары аркылуу гана текшерүүгө чакырат.

 

 

Последние новости