www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин чоң жыйындар залында  2019-жылдын 27-сентябрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Аталган иш-чараны Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин биринчи орун басары,  милициянын генерал-майору С.Өмүрзаков ачып, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн  Улуттук программасын ишке ашырууда, мамлекеттик тилди ички иштер органдарында жайылтуу боюнча аткарылган иштер боюнча баяндама жасады. Салтанаттуу иш-чарага ички иштер органдарынын кызматкерлери, милициянын генерал-майору Э. Алиев атындагы Академиянын жана Ж.Шабиров атындагы Республикалык окутуу борборунун курсанттары жана окутуучулары катышышты.

Сыйлуу коноктор катары, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын төрагасы Н. Ишекеев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Терминологиялык комиссиянын төрагасы С. Мусаев, Республикалык “Кыргыз тили” коомунун президенти Р.Курбановдор келишип, мамлекеттик тилдин күч түзүмдөрүндө өсүп өнүгүшүнө каалоо тилектерин жолдошту.

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2019-жылдын 3-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын өткөрүү жөнүндө” №776-б буюрмасы чыгарылып, ИИМдин бардык бөлүктөрүнө жөнөтүлдү. Буюрманын негизинде, аймактардагы ИИО тарабынан ар түрдүү маданий иш чаралар өткөрүлдү, деп билдирди ИИМдин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости