www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун “ “2019-жылды-Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы катары жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын аткаруу жана “Санарип Кыргызстан 2019-2023” Санариптик транформациялоо концепциясын ишке ашыруу максатында “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча мамлекеттик кызматтарды көрсөткөн борборлор ачылган.

-2018-жылдын 28-ноябрында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жарандары үчүн Чүй облусунун ИИББдин имаратында (Бишкек шаары, Курманжан Датка көчөсү №115, тел.: (0312) 36-94-17, 36-94-18) өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу тактамаларды; кооптуу жана жарылгыч жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын, республиканын ички иштер органдары тарабынан берилген лицензияларды берүү кызматтарын көрсөтөт.

Жогорудагыдай борборлор өлкөнүн башка аймактарында дагы ачылган:

- 2019-жылдын 19-мартында Жала-Абад облусунун ИИБде (Жалал-Абад шаарынын Шопоков №37, тел.: (03722) 7-18-17);

- 2019-жылдын 20-мартында Ош ОИИБде (Ош шаары, Ленин көчөсү №199, тел.: (03222) 6-64-20 );

- 2019-жылдын 21-мартында Баткен ОИИБде (Баткен шаары, Раззаков көчөсү №4, тел.: (03622) 5-02-28);

- 2019-жылдын 16-майында Нарын ОИИБде (Нарын шаары, Ленин көчөсү №27, тел.: (03522) 5-15-53);

-2019-жылдын 17-майында Ысык-Көл ОИИБде (Каракол шаары, Кутманалиев көчөсү № 146 “а”, тел.: (03922) 5-62-90);

-2019-жылдын 23-майында Талас ОИИБде (Талас шаары, Турдалиев көчөсү №191, тел.: (03422) 5-56-96).

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын облустарынын алыскы райондорунда жарандарга ыңгайлуу шарт түзүү үчүн 2019-жылдын сентябрь айында тактамаларды берүү боюнча борборлор Чүй облусунун Токмок ШИИБи менен Жайыл РИИБде, Жалал-Абад облусунун Кара-Көл ШИИБи менен Ала-Бука РИИБде, Ош облусунун Алай жана Кара-Кулжа РИИБде, Баткен облусунун Кадамжай жана Лейлек РИИБде, Нарын облусунун Кочкор РИИБде, Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл РИИБде, Талас облусунун Кара-Буура РИИБде ачылып, ал жакта өлкөнүн аймагында соттолгону-соттолбогону тууралуу тактамаларды; республиканыны ички иштер органдары тарабынан берилген лецензиялар, андан сырткары кооптуу жана жарылгыч жүк ташыган транспорт каражаттарына уруксат кагаздарын берүү кызматтарын көрсөтөт.
Ал эми, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр борборунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн суммасы https://emvd.gov.kg/ сайтында турат.

- Тактамага апостиль жасоо Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун ИИББдин Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр борборунда гана берилет, 3 саат ичинде алууну каалагандарга-2840 сом;

- Тактамага апостиль жасоо бир күн ичиндеги суммасы-1940 сом;

- Тактамага апостиль жасоо бир күн ичиндеги суммасы-960 сом.

- Тактаманы 1 күн ичинде алуунун баасы-191 сом+терминалдын комиссиясы;

- Тактаманы 3 күн ичинде алуунун баасы-86 сом+терминалдын комиссиясы;

- Тактаманы 7 күн ичинде алуунун баасы-акысыз берилет.

- Физикалык жактар үчүн курал-жаракты алуу жана сактоого уруксат берүүнүн баасы-100 сом, юридикалык жактар үчүн-300 сом;

- Кооптуу жана жарылгыч жүктөрдү ташыган атайын автоунааларды коштоонун баасы- километр үчүн 36 сом, Кооптуу жана жарылгыч жүктөрдү ташыган атайын автоунааларды коштоого уруксат берүү бир жыл үчүн 440 сом.

ИИМдин Басма сөз кызматы

Булак: NazarNews.kg

Последние новости