www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Катаал согуш жылдарында жашынан улуусуна чейин бүткүл советтик эл Мекенин коргоого киришкен. Бул жөн гана сөздөр эмес-улуулар фронттордо сугушта жүргөн болсо, ал эми өспүрүмдөр устаканаларда, талааларда иштешип, курал-жарактан баштап азык-түлүккө чейин фронтту зарыл болгон нерселер менен камсыздап келишкен. Ал учурда бир гана чакырык болгон, ал- Бардыгы фронт үчүн, бардыгы Жеңиш үчүн! Көптөгөн курмандыктардын жана совет элинин кажыбас күч-аракетинин аркасы менен гана 1945-жылы май айында  фашисттер жеңилип, багынып беришкен. Биз, бүгүнкү муундар биздин жашообузга тынчтыкты жана бакубат жашоону алып келген биздин аталарыбыздын, чоң аталарыбыздын эмгектерин унутпашыбыз керек.

Алдыда келе жаткан майрамдын алдында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери менен оруктун эмгекчилерин куттуктады. 
Улуу Ата-Мекендик согушту  жеңүүнүн 75 жылдык маарекесине утурлай Кыргыз Рспубликасынын ички иштер министринин орун басары Памир Асанов  өлкөдөгү оор кырдаалга карабастан, согуштан кийин ички иштер органдарында көп жылдар боюу кызматын өтөгөн согуштун ардагерлеринен кабар алды. Милициянын полковниги Памир Асанов келе жаткан майрамы менен Павлов Александр Васильевичти Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин жана өздүк курамдын атынан куттуктады. Ардагер болсо, фашисттерге каршы кантип согушканын, андан соң 30 ашык ички иштер органдарында кызмат өтөгөндүгү жөнүндө айтып берди..  Андан соң Памир Асанов согуш убагында өспүрүм маалында тылда кары-картаңдар, аялдар менен эмгектенип, кийин узак жылдар бою ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенген Чоюнбек Сагынбаевди кутуктады. Ал 1931-жылы туулган жана согуш жылдарындагы ачкачылыкты эсинен чыгарбайт

Чоюнбек аксакал согуш ташталган жылы он жашта эле. Ал айрыкча согуш жылдарындагы ачкачылыкты эсинен чыгарбайт.  Согуштан кийин милициянын жогорку мектебин аяктап,  жөнөкөй милициянын аймактык инспекторунан, кылмыш иликтөөнун инспекторунан баштап кыйла кызматтарда иштеп жүрүп Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлыгына чейин жеткен. Ал жактан ардактуу эс алууга милициянын полковниги наамында чыккан. 

Согуштан кийин ал Милициянын жогорку мектебин аяктап, узак жылдар бою ички иштер органдарында үзүрлүү эмгектенген.  Чоюнбек Сагынбаевди   жөнөкөй милициянын аймактык инспекторунан, кылмыш иликтөөнүн инспекторунан баштап Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысынын орун басарлыгына чейин жеткен. Ал жактан ардактуу эс алууга милициянын полковниги наамында чыккан.

Дөөлөттү карылыкта өмүр сүрүп, жаштары бир топко келип калгандарына карабастан министрдин орун басарын аскердик бөлүктөрдө кабыл алынган саламдашуу менен тосуп алышты. Көбү чай үстүндө  өздүрүнүн, фронтторго кетип кайтпай калган жолдошторунун, айылдаштарынын сүрөттөрүн көргөзүшүп, согуш учурун эскеришти.  

Министрликтин башчысынын орун басары Памир Асанов биздин өлкөнүн баатырларын Жеңиш күнү менен жылуу куттуктап, алардын жашоо-турмушуна кызыгышып, эмнеге муктаж экендиктеринен маалымдар болду. Министрдин орун басары Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин атынан  ардагерлерди куттуктап, бекем ден соолук жана узун өмүр каалады. Ошондой эле, Ички иштер министрлигинин атынан ардагерлерге ыраазычылык катары 15 миң сомдон акчалай сыйлык,   азык-түлүк жана дары-дармектерди тапшырышты.

Ушуга эле катар, жергиликтүү ички иштер органдарынын жетекчилери 9-майга карата ардагерлер Каим Исмаилов менен Апас Каскеевди дагы майрамы менен куттуктап келишти.
Ошондой эле, ички иштер органдарынын өздүк курамынын атынан  согуштун катышуучларынын жубайлары Динара Шакированы, Нина Ромашованы, Тамила Барсукованы, Дильнара Жумалиеваны, Кокон Сагынбаеваны кутукташты. Бардыгына 5 миң сомдон акчалай сыйлык менен кошо азык-түлүк тапшырышты. 

Бүгүнкү күнү ардагерлер өмүрүн текке кетирбей фронтто гана эмес, бейпил учурда дагы Мекенге кызмат өтөгөндөрүнө эч өкүнүшпөгөндүгүн билдиришти. Бул үчүн аларга терең ыраазычылык жана таазим.  Тилекке каршы, жыл сайын Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлеринин саны азайууда.  Тынч жашоо үчүн  өз өмүрлөрүн курман кылгандардын элесине таазим этип,  тирүү ардагерлерди камкордукка алышуубуз кажет. Буга алар татыктуу!

Булак: NazarNews.org

Последние новости