www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир путин мурунку СССР өлкөлөрүнүн лидерлерин жана элин 9-май Жеңиш күнү менен куттуктады. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактар Кремлдин басма сөз кызматына шилтеме берип, жазып чыкты.

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Азербайжан, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Молдовия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Абхазия, Түштүк Осетиянын лидерлерине жана жарандарына, ошондой эле Грузия жана Украинанын элине Жеңиштин 75 жылдыгына карата куттуктоолорду жөнөттү.

Россиянын мамлекет башчысы белгилегендей, аталган өлкөлөрдө фронттогу эрдиги жана тылдагы берилген эмгеги менен биздин жалпыбыздын улуу байлыгы болуп калган нацизмди жеңүүгө жардам берген баатырлардын элесин ыйык тутушат.

“Учурдагы муундардын ыйык милдети - сан жеткис курмандыктар менен куру колго түшүп, туулуп өскөн мекенинин эркиндигин коргогон кымбаттуу ардагерлерибиздин көңүлүн жана камкордугун курчап туруу ”, - деп баса белгиледи Путин.

Булак: NazarNews.org

Последние новости