www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 12-болуп  коронавирустан каза болгон Адылова Каличанын бир тууган сиңдиси коомчулукка кайрылуу жолдоп, маркум эжеси илдеттен көз жумбаганын билдирди.

Ал эжеси үч жыл мурда боорунан рак менен жабыркап жүргөнүн айтты.

“Эжем үч жыл мурун боорунан рак болуп, метазтазалар көбөйүп кетип, онкология ооруканасынан операцияга да болбойт, аз жашайт деп айтышкан эле. Анан эжеме аны айтпай, “онкология ооруң жок экен” ,- деп жашырып алдап үйгө алып келгенбиз. Ошондон бери жакшы сөз менен жашап жүрдү. Акыркы жылдары өпкөсүнө суу толуп, дем жетпей температура болчу. Ошондо барып өпкөсүнөн суу алдырчубуз. Ошентип жашап жүргөн,  ал коронавирустан өлгөн жок”,-деди көз жашын тыя албаган маркумдун сиңдиси.

Мындан сырткары моргдогу кызматкерлер жөнөкөй эле бет кабы жок жүрүшкөнүн, иниси айдоочу менен сөөктү унаага өздөрү жүктөп, алып кетишкенин кошумчалаган.

Булак: NazarNews.org

Последние новости