www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Бишкектеги №1117 шайлоо тилкесине беткабында белгиси бар шайлоочу добуш бергени келгени тууралуу маалымат тарап, ИИМ тарабынан текшерүүгө алынары айтылган.
Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макиловдун айтымында, аталган маалымат боюнча ички иштер башкармалыгы текшерүү иштерин жүргүзгөн.
“Окуя Октябрь районундагы №1117 шайлоо тилкесинде болгон. Анда бир аял жана эркек кишинин беткабында белги болгон. Бирок ал добуш сатып алуу фактысына же башка шайлоо мыйзамын бузууга тиешеси жок”, - дейт Макилов.
Эскерте кетсек, бүгүн, 28-ноябрда, саат 08:00дөн баштап өлкө аймагында жана айрым чет өлкөлөрдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүүдө.
Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, бирдиктүү шайлоо округунан пропорционалдык система боюнча 54 депутат, ал эми бир мандаттуу шайлоо округунан мажоритардык система боюнча 36 депутат шайланып келет. Жалпы 90 мандат берилет.
Партиялык ачык тизме менен шайлоого 21 партия, бир мандаттуу округдан 286 талапкер ат салышууда.
Булак: NazarNews.kg