www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттик шайлоого байланыштуу прокуратура органдарына жалпысынан 68 кайрылуу, арыз түштү. Алардын дээрлик басымдуу бөлүгү добуш берүүгө чейин катталды. Башкы прокуратуранын өкүлү Мирлан Майтпасов брифингде 28-ноябрда үч арыз келгенин билдирди.
"Алардын бири талапкерлердин соттуулугун тактоо тууралуу, экинчиси добуш сатып алууга байланыштуу. Эки арыздагы доомат такталган жок. Үчүнчү, административдик ресурс колдонуу жөнүндө арыз ички иштер органдарына текшерүү үчүн жөнөтүлдү", - деди Майтпасов.
28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо 21 партиядан 1004 талапкер ат салышууда. Алардын 54ү депутат болуп келет. Ал эми бир мандаттуу округдардан катышып жаткан 282 талапкердин 36сына мандат берилет. Жалпысынан Жогорку Кеңешке 90 депутат шайланат.
Жогорку Кеңештин депутаттарын партиялык тизме менен шайлоого 3 миллион 703 миңден ашуун жаран катталган. Бир мандаттуу округдарда 3 миллион 619 миңден ашат. Чет өлкөдө жүргөн шайлоочулар бир мандаттуу округдар боюнча тизмеге киргизилген эмес.
Жалпысынын 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.
Кыргызстанда шайлоо тилкелери эртең мененки саат 08:00дө ачылды. Добуш берүү кечки саат 20:00дө аяктайт.
Булак: NazarNews.kg