www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Академиясында Эл аралык шайлоо күнү белгиленди.

Бул күнү ИИМдин Академиясына Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана БШКнын өкүлдөрү келишти.

ИИМдин Академиясынын курсанттарына жана студенттерине Н.Шайлдабекова “Жаштар жана шайлоо. Келечектин жоопкерчилиги”, “Шайлоо алдындагы жана шайлоо учурундагы ички иштер органдарынын тапшырмалары” темаларында лекция окуду.

Ал, жаштарга шайлоо учурундагы добуштун канчалык маанилүүлүгүн, шайлоону өткөрүү этаптарын, жаңы шайлоо моделдери, шайлоо процедурасы жана Борбордук шайлоо комиссиясынын аткарган иштери, жалпы эле шайлоо системасы боюнча айтып өттү.

Ошондой эле келечектеги милиция кызматкерлерине шайлоо учурунда шайлоо бөлүктөрүндөгү алардын укуктары жана милдеттери туурасында айтты.

БШКнын мүчөлөрү биометрикалык урналарды жайгаштырып, шайлоону жүргүзүү процессин жана жыйынтыктарын экран алдында көрсөтүп беришти. Ал эми бул иш-чарага курсанттар жана студенттер шайлоо процедураларынаактивдүү катышышты.

Н.Шайлдабекова ИИМдин Академиясындагы Ч.Айтматовго арналган бурчту жана музейди көрүп чыгып, Ардактуу конок китебине өзүнүн каалоо тилектерин жазып калтырды.

Иш-чара эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды деп билдирет ИИМдин Академиясынын Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости