www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин ардагерлери кыргыз элине кайрылды

Ички иштер органдарынын ардагерлери кыргыз элине кайрылуу жасады. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Кайрылууда ардагерлер кыргыз элин сабырдуу болууга жана мыйзамды сактап, чагымчылдыкка, мыйзамсыз иш-аракеттерге барбоого чакырышкан.

"Сиздерден абалды мындан дагы курчутуп албаш үчүн такталбаган маалыматтарды таратуудан алыс болууга үгүттөйбүз. Анткени Кыргыз өлкөсүнө тынчтык жана бейпилдик керек. Биздин республикабыз эгемендүүлүккө кандай деген эмгек менен жеткендигин жана мындай оор мезгилде тынчтыкты сактоо үчүн кандай жолдорду басып өткөндүгүбүздү унутпайлы. Биз мамлекеттин, биздин жарандардын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бүт өмүрүбүздү арнап, жарандарыбыздын тынчтыгын өз эмгегибиз менен камсыздап келдик.

Бардык маселелерди жана жаралган көйгөйлөрдү Борбор Азиядагы бир тууган элдерге тиешелүү болгон көп жылдык достук, абийирдүүлүк жана өнөктөштүк мамилесинде макулдашуулар жолу менен чечкенибиз оң. Кыргыз өлкөсүнүн бардык жарандарын тынчтыкты сактап, чагымчылдыкка алдырбай, улуттар аралык кастыкты жана араздашууну козутпоого чакырабыз.

Эки мамлекетке тең мыйзамдуулуктун үстөмдүк кылуусу менен жана сабырдуулуктун негизинде турукташтыруунун үстүндө иштөөнү сунуштайбыз. Биз мамлекеттин эркиндиги менен бүтүндүгүн сакташыбыз керек. Тынчтык үчүн биз бардыгыбыз биригип, болгон күчүбүздү чыр-чатакты чечүү боюнча өлкөнүн жетекчилигинин бардык аракетин колдоого жумшайлы. Жакынкы аралыкта эки өлкөнүн кызыкчылыгын эске алуу менен бул кырдаал жөнгө салынат деген үмүттөбүз", - деп жазылат кайрылууда.

28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуган. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач Тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк "Головной" суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, эки тараптын ортосунда чыр чыккан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости