www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2019 - жылыдын 22 - июль күнү болжол менен кечки саат 21:00дор чамасында Ысык - Көл районунун Чолпон - Ата шаарында жайгашкан санаторийлердин биринде Ош облусунун тургундары А.Ш. жана З.Ш. аттуу бир туугандар эже - сиңдилер көлдүн жээгинен сууга түшүп жатып чөгө баштаган. Сыртта карап турган кызы жардамга чакырып кыйкырган.
Бул маалымат тууралуу ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы билдирди.
Ошол учурда, ошол жерде коомдук коопсуздукту камсыздап жүргөн ИИМдин “Шумкар” АБПнын кызматкери, №2 батальондун №1 ротасынын командиринин орун басары Тынчтыкбек Борбиев сууга чөгүп жаткан адамдарга жардам берүүгө умтулуп, аларга чейин сүзүп барып, жогорудагы көрсөтүлгөн жарандарды куткарып, суу жээгине алып чыккан.
Андан соң, 102 кызматына чалып, ыкчам топ чыкырылган. Ыкчам топ келгенче жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Ыкчам топ келген соң, жабырланган жарандар эч кимге болгон окуя боюнча арыз дооматы жок экендигин, эч кандай медициналык жардамга муктаж эместигин түшүндүрүшкөн.
Куткарылган жарандар милиция кызматкерине ыраазычылык айтышып, ошол жерден эс алган ордуларына тарап кетишти.
Булак: NazarNews.kg