www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полку ИИОдо 30 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген Ербулат   Балденовду салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты. Бул тууралуу  ИИМдин "Шумкар" АБПнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка таянсак, ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун өздүк курамы ички иштер органдарында 30 жылдан ашуун үзүрлүү эмгектенген полктун финансы-чарбалык камсыздоо бөлүмүнүн автотранспорт жана атайын техникалар боюнча улук тескөөчү, милициянын подполковниги Балденов Ербулат Аргыновичти, полковник наамын ыйгаруу менен бирге салтанаттуу түрдө ардактуу эс алууга узатышты. Полктун командири, милициянын полковниги А.Султаналиев куттуктап, өздүк курамдын атынан даярдалган белекти тапшырып ички иштер органдарында көп жылдар бою үзүрлүү жана ак ниеттүүлүк менен татыктуу кызмат өтөгөндүгү жана эмгеги үчүн терең ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалады.

Ошондой эле өз сөзүндө Е.Балденов өздүк курамга ыраазычылык билдирип, ар бир кызматкерге кызматындагы жетишкендиктерди каалап кетти. Ал эми бүгүнкү салтанаттуу күн өздүк курамдын саптык жүрүшү менен аяктады.


 Булак:NazarNews.kg

Последние новости