www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгына карата

Кыргыз Республикасынын ИИМинин башкы түзүмдөрүнүн бири Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын түптөлүү тарыхы, баскан жолу, жетишкендиктери жана башкарган жетекчилери тууралуу сөз кылууну чечтик.

Кыргызстанда күзөт кызматы 1919-жылы түзүлүп кыргыз милициясынын өнүгүү тарыхы менен тыгыз байланышта. 1925-жылы Совет өкмөтүнүн курамына кирген биздин да республикада мамлекеттик мүлктү кайтаруучу куралданган күзөттөн, маанилүү мамлекеттик объектерди кайтаруу боюнча атайын аскер бөлүктөрүнөн, ведомстволук милиция жана ведомстволук кароол кызматынан турган алгачкы күзөт системасы түзүлгөн.     

Улуу Ата-Мекендик согуш жылдарында жана андан кийинки убактарда өзгөчө маанидеги  мекемелерди,  ошол мезгилдеги элдин менчигине өткөн маанилүү мекемелер жана ишканаларды, темир жол түйүндөрүн кайтаруу милдети аскер кызматкерлерине жүктөлгөн. Шаарларда завод фабрикалар курулуп, өндүрүш материалдарын ошол жерде иштеген жумушчулар тарабынан  уурдала башталат. Ошол мамлекеттик маанидеги өндүрүлгөн товарларды, тамак аштарды уурдатпоо үчүн иш-чаралар көрүлө баштаган, ошол себептен жогорудагы мекеме ишканаларды кайтаруу милдети ведомстволук кароолго  жүктөлөт. Мындай кайтаруу түрү уурулукка жана талап  тоноочулукка бөгөт бере албаганына байланыштуу, СССР Министирлер Кеңеши 1952-жылдын октябрь айында Токтому жарык көрөт. Анда республикада, шаарларда, райондун борборлорунда, ар бир милиция бөлүмдөрүнүн астында өз алдынча иш алып баруучу, өзүн-өзү каржылоочу  күзөт бөлүмдөрү түзүлө баштаган. Кийинки жасалуучу чоң кадамдар  СССР Министирлер Кеңешинин 1959-жылы октябрь айында чыккан №92-42 Токтомунун негизинде мамлекеттик менчиктерди ишеничтүү жогорку деңгээлде  кайтаруу максатында  кайтаруунун эки түрү пайда болот, бири аскердик кароол, экинчиси жарандык кароол. СССР  Министирлер Кеңешинин 1966-жылы 18-февралында чыккан “Ички иштер органдарына караштуу ведомстволук эмес күзөт кызматы  жөнүндө Жобону бекитүү боюнча” Токтому чыккандан кийин Кыргыз ССРнын ИИОнын астында, шаарларда, райондун борборлорунда, ведомстволук эмес Күзөт кызматы биротоло түзүлгөн.

Ошентип жарандык кароол, жана ведомстволук кароол милициялык күзөт  бөлүмдөрүнө алмаштырыла баштаган. 1966-жылы республикада күзөт кызматы түзүлүп, күзөт  Башкармалыгынын биринчи жетекчиси болуп Атаханов Эсенжан Атаханович дайындалган.

1995-жылдын 10-апрелиндег Күзөт кызматынын иш-аракетин кеңейтүү маселеси коюлуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн   токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин 1995-жылдын 24-июлундагы буйругу менен “Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Күзөт башкармалыгы жөнүндө Жобосун” бекитилген. Кийин, 2000жылдын 14-февралында Ички иштер министрлигинин буйругу менен “Күзөт башкармалыгы жөнүндө Жобосу” бекитилген, анын ичинде Күзөт кызматы мамлекеттик бюджеттен каржыланбагандыктан жана чарбалык субъектилер менен келишимдин негизинде иштөө себебинен, уюштуруу жана жана өзүн-өзү башкаруу иш-аракеттери, өздүк курамдын штат бирдигин аныктоо укугу каралган.

2002-жылдын 14-февралында Ички иштер министрлигинин буйругунун негизинде 18-февраль Күзөт кызматынын негизделген күнү болуп эсептелинип келет.

2014-жылдын 20-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен Күзөт башкармалыгы Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы Департаменти болуп өзгөртүлгөн.

2008-жылдын 19-июлундагы Кыргыз Республикасынын Президентинин “Ички иштер министрлигинин маселелери” көрсөтмөсү жана 2009-жылдын 19-январындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  токтому менен Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы Департаменти Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгы болуп өзгөртүлгөн.

Республиканын күзөт кызматынын түзүлүшүндө, күзөт кызматын башкарып келген биринчи жетекчилердин жасаган эмгектери зор. Айта кетсек алар 18 жыл башкарып келген Оролбаев Эргеш Оролбаевич (1968-1983-ж.ж.), Бейшеев Мелис Ногойбаевич (1983-1987-ж.ж.), Карпов Петр Михайлович (1987-1992-ж.ж.), Темиркулов Кубанычбек Темиркулович (1992-1999-ж.ж.), Сатиндиев Эрмек Сатиндиевич (2001-2008-ж.ж.), Исаев Талантбек Кедейканович (2008-2009-ж.ж.), Гуронов Осмоналы Ниязович (2009-2010-ж.ж.), Газыбеков Абдыхалил Жапарович (2010-2011-ж.ж.), Кондубаев Азрет Эрмегалиевич (2011-2012-ж.ж.), Баеков Айбек Сапарович (2012-2013-ж.ж.), Акматов Талантбек Уметалиевич (2013-2014-ж.ж.), Асанов Улан Касенович (2017-2018-ж.ж.).

Азыркы убакта, биздин катарыбызда 25 жылдан ашык иштеген милициянын отличниктери жаш кызматкерлерге тарбия көрсөтүп иштеп жатышат.

Бүгүнкү күндө, Күзөт кызматы ИИМдин техникалык жагынан эң жакшы жабдылган кызмат болуп эсептелинет, бөлүмдөрдө ар кандай техникалык күзөт куралдары жана башка автоматикалык системалар, болборлоштурулуп көзөмөлдөөчү түйүндөрү да бар.

Азыркы учурда GPS – навигатор системасы Бишкек шаарынын күзөт бөлүмдөрүнүн автоунааларынын радиостанцияларына кошулган. Радиостанциялар санарип өлчөмдүн негизинде иш алып барат – бул турукту таза жана так байланышты камсыз кылат, анын негизинде ар кандай учурларда чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк түзөт.

Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматы башкы башкармалыгынын жетекчилигинин демилгеси менен  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан 2015-жылы Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Чок-Тал айылында жайгашкан ИИМдин “Держинец” балдар ден-соолугун чыңдоо лагеринин аймагынан жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин  МАККББнын ардагерлери, кызматкерлери (үй-бүлө мүчөлөрү)  эс алууга арналган Эс алуу үйүн курууга 33 млн. сомдун тегерегинде акча каржаты коротулуп, 42 бөлмөлүү жана 72 орундуу ашканасы бар эки кабаттуу корпустун иши аяктап, ишке берилген.

Эс алуу Үйүнө Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын өз каражатарынын эсебинен гана курулуп, мамлекеттик бюджеттин жана башка булактардын каражаттары тартылган эмес, деп билдирди ИИМдин МАККББнын Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости