www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркыдай аба ырайын билген заман жок кезде деле кыргыздар эсепчилерди карап жашап келишкен. Ушул тапта кыргыздын мыкты адамдары «кыргыздын эсепчилерин» ЮНЕСКОго каттайлы дешип чамынып жатышат. Менин чоң атам Кудаяр уулу Эсенбай (1850-1941) он тогуз-жыйырманчы кылымдын мыкты эсепчиси болгон. Атам чоң атам тууралуу көп нерселерди айтып кеткен. Эл оозунда айтылып жүргөндөрдү жыйнап, барын чогултуп «Эсенбай эсепчи» деген китеп кылдым эле, бул китебим эсепчилердин дайынын издеп жүрүшкөндөр үчүн чоң табылга болду. Эсенбай эсепчинин айтуусунда:  Теке (Асат )- орусча: Июль , арабча: Джумада –л-ула  (Жума уул). 8- июлдан 18-августка чейин 40 күнгө созулган жай чилде болот. Муну саратан жай деп да коюшат. Үркөр жылдыз жерге түшкөн күндөн баштап кырк күн бээнин сүтү табылгыс дары деп эсептеген. Ай жаңырганда ай арасы деп коет. Сөзсүз аба ырайы бузулат, бийик ашуу тоолордо кар жаайт. Үч күнгө созулат, бул адетте болуучу окуя. Ушул кырк күндө Үркөр таң менен бирге бир аз көрүнүп калса, жай чилденин келгени. Эгерде, Үркөр жылдыз таң алдында көрүнүп калса, анда Сүмбүлө жылдызы тууйт дептир жарыктык. Анда таң сууп, бир топ адамдарга бээнин сүтү жакпай, чөп ката баштайт.

Илгери көпкөн эки жигит мелдеше кетет: “Кышкы чилдеге чыдаса болобу же жайкы чилдеге чыдоого болобу” – дешип. Биринчиси,  кышкы чилдеде бир сутка,күнү-түнү туруп берген окшойт, ал чала өлүк болуп акыры аркы дүйнөгө кетиптир. Экинчиси, жайкы чилдеде туруп ошол эле жерден жан таслим болуптур. Чилде деген тамаша эмес. Жайкы аптаптуу чилде оор болгон. Бирок илгерки заманда кыргыздар жайлоого чыгып кетишип, аптаптын убайын көп тартпай калышкан. Ал эми жайлоого чыга албагандар жакада калышып ысыктын түйшүгүн тартышкан. Текеге карап да кандай жыл болорун аныктаса болот. Теке бештин айынын 20-нан 30-на чейин бийик зоолорго чыгып, аба ырайына карап, үйүргө кошулаарын аныктайт. Эгерде, үйүргө эрте кошулса, улактары эрте туулуп, жүнү суюк, териси жука айбан болгондуктан, бийик тоонун суугуна туруштук бере албай өлүп калышат. Ошондуктан, кайберендерден эң кеч үйүргө кошулганы эчки, теке болушат. Үчтүн айынын башында жүгүрөт. Эсенбай эсепчи жыл жут болобу, алдын ала билген. Жут болоордо теке 15 күн кеч жүгүрөт. Бул бир жагы, экинчиден жылдыздарын кандай тогошкону кыштын узакка создугарын, жайдын өтө ысык болорун билдирген. Аттиң, атамда Эсенбай эсепчинин калдыктары бар эле, айдын жаңырганын карап бул ай мындай болот экен деп айтып калчу. Эсепчилерди ЮНЕСКОдон өткөзүп жүргөндөр да өкүнүштү, ушул киши менен замандаш экенбиз жолугуп калсак болмок экен дешип. Дагы атамдын оозунан Эсенбай эсепчи тууралуу жазып калып абийир болду.

Теке июль айында төлдөйт, андыктан теке дейт. «Ай караган текедей» деген сөз бар кыргызда. Текелер айды эмес, жылдыздардын тогошууларын карашат. Ошого жараша келээрки жылдын жазы эрте же кеч келээрин – “моюну создугаарын” аныкташат. Ошого жараша куутту эрте, же кеч башташат. Бул – тукуму кырылып калбашы үчүн болгон алдын ала көрүлгөн туюмдун (инстинкт) негизинде көргөн камкордугу.

 Июлдун 15 жарыгы «саратан тамыз маалы», 15 караңгысы «асат маалы» аталат. Июлдун 21 жаңысынан тогойт. Бирок, тогоол белгиси айкын болбойт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

 

 

Последние новости