www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттик аппараттын башчысынын мурдагы орун басары Икрамжан Илмияновдун камалышынын эң чоң сыры “Кандай себептер менен?” деген суроодо болгон. Анын камалышына эч ким деле таң калган жок. Эртели-кеч УКМКнын СИЗОсунун камералардын бирине  Илмияновдун кириши ансыз деле түшүнүктүү болгон. Бирок мурдагы атамбаевдик шопурдун артынан эң эле узун чыр-чатактуу имиштердин куйругу чубалжып келе жатат. Эл арасында ага карата ар кандай иштер боюнча сөз ээрчип, акыр аягында бул имиштер кылмыш иштеринде тастыкталышы керек эле. Бирок азыр болсо айдоочунун куйругу кайсы иш боюнча басылды? Анын кылмыш ишинин чоо-жайын чекисттер аягына чейин сыр боюнча сакташты.

Аны ачыкка чыгарган Кыргызстандын социал-демократтар партиясынын өзү болду. КСДПдагылар өздөрүнүн УКМК менен болгон кызматтык кат алышуусун прессага чыгарып, кандай максатты көздөгөндөрү түшүнүксүз. Же өзүнөн шектенүүнү алып салып, Илмиянов менен байланышты үзгүсү келишкенби, же азыркы президентке көлөкө түшүргүсү келишкенби, анткени белгилүү болгондой, учурда анын мурдагы президент менен мамилеси анча эмес...

Партиялаштар эмнени каалаганын бир кудай билет. Бирок бул каттарды ачыкка чыгаруу менен (балким, өздөрү каалабаса да) Илмияновдун кылмыш иши тууралуу баарын болбосо дагы, көп нерсени ачыктап коюшту. Болгону эки кат – ал эми анда канчалаган маалымат бар! Эгерде тереңирээк караганды билсек.

Биринчи катты алалы.

Үстүбүздөгү жылдын 24-октябрында  - Москванын Шереметьево аэропортунда кармалган Илмияновго кишен салып, Бишкекке чекисттер алып келгени 4 күндөн кийин УКМКнын өзгөчө маанилүү иштери боюнча тергөөчүсү Э.Майлыбеков КСДПнын штаб-квартирасына Икрамжан Илмияновго тиешелүү суроо-талап жөнөткөн.

Тергөөчү партиялык штабга УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгында Кылмыш кодексинин 8 беренеси боюнча козголгон кылмыш иши бардыгын билдирген. Бул иш боюнча тергөөнүн жүрүшүндө 2017-жылдын 8-августунда Икрамжан Илмиянов катта көрсөтүлгөндөй “сыйлык жана демөөрчүлүк жардам катары” 150 миң доллар алганы боюнча маалыматтар келип түшкөн.

УКМКнын тергөөчүсү санап өткөн бир катар беренелерге жана “демөөрчүлүк жардамга” дагы кайрылабыз. Азырынча – сыйлык тууралуу сөз кылалы.

УКМКнын тергөөчүсү жазгандай сыйлыкты Илмиянов “Дизель комплект” ЖЧКсынан алган. Бул компания менен жакындан таанышалы.

Бул чет элдик катышуусу бар компания. “Бишкек” эркин экономикалык аймакта катталган. Негиздөөчүсү Грант Оганянц деген адам. Директор – Николай Грамович. Юстиция министрлигиндеги аткарган иши даана көрсөтүлгөн эмес: “Дүңүнөн соода кылуу”.

“Дизель комплект” компаниясынын сайтына кирсек, ал карьердик самосвалдар, жол куруучу техника, кыймылдаткычтар, тетиктер, трактордун дөңгөлөктөрү жана башка жабдыктарды сатуу менен алектенгенин билсе болот. Белорустук “БелАз” жана “МАЗ” компанияларынын жана ошондой эле “Группа ГАЗ – күч агрегаттары” ярославдык компаниянын расмий дилери болуп саналат. Өзбекстанда жана Түштүк Африка Республикасында өз тейлөөчү борборлоруна ээ.

Жогоруда айтылган Грант Оганянц деген жаран “Бишкек” СЭЗинде катталган дагы бир компаниянын негиздөөчүсү – “Автотрейд” ЖЧКсы. Ал автомобилдик тетиктер, түйүндөр жана жабдыктарды дүңүнөн сатуу менен алектенет.

Бул компаниялар Кыргызстандын маалыматтык айдыңында кандайдыр бир из калтырышканбы? Калтырышкан. Ызы-чуулуу из.

Бул эки компания тең, мисалы, КР Мамлекеттик бажы кызматынын ишмердигин 2015-жылы текшерген Эсеп палатасынын актында көрсөтүлгөн. Тагыраак айтканда, бажычылардын республикалык бюджетти кантип толтурушунда. Башка объектилер менен бирге аудиторлордун көңүл борборуна “Бишкек” эркин экономикалык аймагы дагы түшкөн. Эскерте кетсек, СЭЗ инвесторлор салык жана бажы жеңилдиктерин пайдаланып, анын аймагында Кыргызстанга пайдалуу өндүрүштү өнүктүрүү үчүн түзүлгөн.

Иш жүзүндө болсо СЭЗде катталган айрым компаниялар өндүрүш эмес, товарларды кайрадан экспорттоо менен алек болушкан. Мисалы, “Дизель комплект” компаниясы Кыргызстанга ар кандай тоо техникасын жана анын тетиктерин ташып келип, андан ары Өзбекстанга жөнөтчү. Эсеп палатасынын актында көрсөтүлгөндөй, 2014-жылдын ичинде компания Кыргызстанга “БелАз” самосвалдарын жана башка жабдыктарды 15 млн долларга ташып келген. Андан соң өзбекстандык тоо кен комбинаттарына кымбатыраак кайрадан экспорттоп, 6 млн 600 доллар акча табышкан. Мында Кыргызстанга бажы пошлинасы төлөнгөн эмес.

Дал ушундай схема менен Оганянцтын “Автотрейд” деген компаниясы дагы акча тапкан. 2014-жылы ал СЭЗге 11 млн 765 миң долларга унаа дөңгөлөктөрүн ташып келип, Өзбекстандын тоо кен комбинаттарына 20 млн долларга саткан. Кирешеси 8 млн 190 миң долларды түзгөн. Кайрадан эле пошлина төлөнгөн эмес.

2015-жылы Эсеп палатасынын актысында белгиленген бул эки окуя андан ары улантылган жок: укук коргоо органдары бул эки компанияга кандайдыр бир айып тага алган эмес окшойт. Же таккысы келбеди... Андан аркы окуялар тумандуу. Кандайдыр бир ачыктык 2017-жылдын жай айларында гана пайда боло баштады.

2017-жылдын июнь айынын ортосунда Бишкектин четиндеги “Аламедин” темир жол станциясында Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери “БелАз” самосвалдарын ташып келаткан бир эшелонду кармашкан. Финполчулар журналисттерге маалымат берүүдөн баш тартышкан. Болгону салык төлөбөгөндүгү үчүн кылмыш иши козголуп, жүктүн баары камалганы белгилүү болгон. Жана Кыргызстанга ташыппы, же өлкөдөн чыгарып кетип бараткан компаниянын аталышында “дизель” деген сөз бар экени ачыкталган.

Бул "Дизель комплект" компаниясы гана болушу мүмкүн, биздин редакциянын маалыматына ылайык, дал ошол самосвалдар менен кармалган.

Финансы министрлигинин “Ачык бюджет” интернет-порталында из калтырган дагы бир кызыктуу факт. 2017-жылдын 7-августунда “Дизель комплект” компаниясы бюджетке 17 млн сомго жакын төлөгөн – импорт жана Кыргызстанга товар ташып келүүнүн салыгын. Мурда бир да жолу салык төлөгөн эмес. Бул компания абдан аз салык төлөгөнүн эстесек, кандайча мынчалык берешен болуп кеткенине таң каласың!

Эми УКМКнын тергөөчүсүнүн КСДПга жазган катын эстейли: мындай берешендиктин эртеси күнү – 2017-жылдын 8-августунда “Дизель комплект” Икрам Илмияновго 150 миң долларды сыйлык катары өткөрүп берген.

Кандай эмгеги үчүн сыйлык? “Дизель комплект” компаниясына мындан ары тийишпеш үчүнбү? Чындап эле финполиция бир аз убакыттан кийин салыктарды төлөбөгөндүк боюнча кылмыш ишин токтоткон. Компания мамлекет менен эсептешти деген шылтоо менен окшойт.

А бирок, биздин маалыматыбызга ылайык, бул компания абдан берешен болуп төлөп берген 17 млн сом - көз боемочулук. Анткени чынында келтирилген зыян 10 эсе көп болгон. Айрым фальсификациялар дагы орун алган.

Кылмыш ишинин токтотулушу жана ошол кезде президент Атамбаевдин коомдук башталыштагы кеңешчиси кызматын ээлеп турган Икрамжан Илмиянов менен байланышы кандай болушу мүмкүн? Байланышы бир гана – ошол кездеги колунан баары келип турган Илмияновдун күч жана фискалдык органдарга болгон таасири. Алардын көбү анын кадрлары да болгон.

Андан ары окуялар мындайча уланган.

Үстүбүздөгү жылдын жазында “Дизель комплект” компаниясына карата токтотулган кылмыш ишин финполициядан алып, УКМК тергей баштайт.

Жакшылап интернеттен издесек, КР Жогорку сотунун архивдеринен бул тергөөнүн жүрүшү боюнча маалымат тапса болот. Ушул жылдын апрель айында УКМКнын тергөөчүсү “Дизель комплект” ЖЧКсынын мүлкүн жана эсептерин камакка алган. Бул компанияга товарлардын импорту жана экспортуна байланыштуу бардык операцияларды аткарууга, Бишкек СЭЗинен товарларды чыгарууга тыюу салынып, кампасына мөөр коюлган. УКМКнын кызматкерлеринин иш-аракеттерине компаниянын өкүлү Владимир Лесниченко сотко арызданган. Бишкектин Биринчи май райондук соту бул иш-аракеттерди мыйзамдуу деп таап, Бишкек шаардык соту бул чечимди колдогон. Жогорку сот дагы колдоп, август айында бул ишке чекит койгон.

“Дизель комплект” компаниясынын бардык активдери дагы деле камакта турат. Компания иштеген жери жок, анын жетекчилери Кыргызстандан чыгып кеткен.

Демек, Икрам Илмияновго чекисттер бул жылдын жаз айларында эле жакындай баштаган экен. Эми бул кылмыш ишинде аталган Кылмыш кодексинин беренелерине орун берели.

221-берене, 3-4-бөлүк, 2-пункт: Коммерциялык же башка уюмдун кызматчылары өзүнүн тескөөчү же башка башкаруучулук ыйгарым укуктарын акцияларынын 30дан ашык пайызы (үлүшү) мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү болгон коммерциялык уюмдагы башкаруу милдетин аткаруучу адам тарабынан өзгөчө ири зыян келтирүү менен жасалса.

Бул окуяда мындай бир гана уюм бар – “Бишкек” эркин экономикалык аймагы.

304 – берене, 4-бөлук, 1-пункт: Өзгөчө ири зыян келтирүү менен өзү же башка адамдар үчүн пайда жана артыкчылыктар табуу максатында, ошондой эле башка жеке кызыкчылыктардан улам кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу.

Бул Илмиянов тууралуу эмес, көрсөтүлгөн маалда ал мамлекеттик кызмат адамы эмес болчу.

315-берене, 2-бөлүк: Кызматтык жасалмачылык жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын же коомдун же мамлекеттин мыйзамда корголгон кызыкчылыктарынын олуттуу бузулушуна алып келсе.

350-берене, 1,5,6-бөлүк: Укук берген же милдеттерден бошоткон расмий документти кызматтык абалын пайдаланган адам тарабынан алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу же уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалганда.

313-1-берене, 4-бөлүк, 1-пункт: Өзгөчө ири өлчөмдө мыйзамсыз аракети үчүн кызмат адамынын пара алышы.

313-2-берене, 2-бөлүк: Өзүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын пайдалануу менен пара алуудагы же ири өлчөмдө пара алуудагы ортомчулук.

314-берене, 3-бөлүк, 2-пункт: Өзгөчө ири өлчөмдө кызмат адамына пара берүү.

Кылмыш кодексинин бул беренелерин дагы Илмияновго тагыш татаал. Анткени ал мезгилде Илмиянов мамлекеттик кызматта эмес болчу (расмий эмес көлөкөдөгү “кардинал” болгон). Албетте, жеке өзү документтерди жасалмалоо жана тазалоо сыяктуу “кир” жумушту аткарган эмес. Бийликтин баары колунда турган шопур кимдир бирөөгө пара берет беле? Албетте, жок.

Демек, Икрам Илмиянов кылмыш жоопкерчилигине тартылган чиновниктердин тобун камалганга чейин эле баштап берип койгон экен. Алар кимдер? Балким – финполчулар, бажычылар жана салыкчылар. Башкача айтканда, “Дизель комплект” компаниясынын кылмыш ишин жапкандар.

Ал эми Икрам Илмияновго натыйжада “Өтө ири өлчөмдө алдамчылык кылуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул жактан УКМКнын тергөөчүсүнүн КСДПга жазган катын эстеп, “демөөрчүлүк жардам” деген сөз айкалышын эстеш керек.

Өзүн-өзү камчылаган офицердин жесири

Былтыр августта Икрамжан Илмиянов – президент Атамбаевдин коомдук кеңешчиси дагы бир коомдук кызматты ээлеп турган.  Ал КСДПдан президенттикке бирдиктүү талапкер Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабынын жетекчисинин орун басары болгон: шайлоо кампаниясы жүрүп жаткан. Ушул жагдайды азыркы президенттин сынчылары саясий чыр-чатакты козгош үчүн колдонуп жатышат.

Алмазбек Атамбаев дал ушул өзүнүн мурдагы шопурун шайлоо кампаниясын башкарууга жибергенине таң калып кереги жок. 2010-жылдан бери дал Икрамжан Илмиянов КСДП үчүн парламенттик шайлоолордо эки ийгиликтүү кампанияны өткөрүп берген. Ал эми 2011-жылы президенттик шайлоодо президенттикке талапкер Атамбаевдин шайлоо штабын жетектеген.

2017-жылдын президенттик шайлоосунда штабдын жетекчисинин орун басары Илмиянов республиканын түштүгү үчүн жооп берген. Эске салсак, штабды болсо Атамбаевдин дагы бир жакын адамы Фарид Ниязов жетектеген (өзүнүн мураскери деп эсептеген Жээнбековду Атамбаев кам көрүү менен ар тараптан өзүнүн адамдары менен тегеректеген).

Айтпаса деле түшүнүктүү - ошол 150 миң долларды Илмиянов “Дизель комплект” компаниясынын өкүлдөрүнөн КСДПнын талапкеринин фондуна “өз ыктыяры менен” салым катары сурап алган. Муну компаниянын өкүлдөрү айтканбы, же Илмиянов өзү айтып бергенби, азырынча белгисиз. Бирок ал камалганы 4 күндөн кийин УКМКнын тергөөчүсү Э.Майлыбеков КСДПнын штабына жазган өзүнүн суроо-талабында мындай деп белгилеген:

“Кылмыш ишин толук, объективдүү жана ар тараптуу иликтөө максатында 2017-жылдын 8-августунан кийин И.Илмиянов же башка адамдардан Кыргызстандын социал-демократтар партиясына 150 миң доллар өлчөмүндө акча каражаттары келип түшкөнү-түшпөгөнү боюнча маалымат берүүнү өтүнөбүз. Эгерде түшкөн болсо акча каражаттарынын келип түшкөн фактысын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрүн берүүңүздөрдү суранабыз”.

Бул макаланын эң башында белгиленгендей, КСДП эки катты ачыкка чыгарды. Экинчиси бул тергөөчүлүк суроо-талапка КСДПнын жообу болду. Ага партиянын катчылыгынын жетекчиси Таалайбек Усубалиев кол койгон.

“Саясий партиялардын, анын ичинде КСДПнын дагы штабдарга жана шайлоо фондуларга тиешеси жок, - деп жазылган бул катта. – Демек, КСДП силердин катта көрсөтүлгөн акча каражаттарына тиешеси жок. Силер белгилеген “Дизель Комплект” ЖЧКсынан дагы, же башка бир юридикалык же жеке адамдардан дагы акча алган эмес. Ал эми шайлоо штабынын каржылык документациясы мыйзамга ылайык Борбордук шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилет. Түздөн-түз КР президенттикке мурдагы талапкер Сооронбай Жээнбековго же каржылык документтер сакталган БШКга кайрылууну сунуштайбыз”, - деп Т.Усубалиев шылдыңдагансып жооп берген.

Ошентип, КСДПда кылмыштуу акчадан баш тартып, күнөөнүн баарын азыркы президент Сооронбай Жээнбековго оодарып коюшту.

Былтыркы шайлоо өнөктүгүндө бардык каржылык агымдарды Боршайкомдун алдындагы көзөмөл-ревизиялык топ караган. Эстесек, башынан эле бул топтун курамынын айланасында ызы-чуулар башталган. Анын жетекчилеринин бири болуп Адилет Сатыгулов деген адам шайланган, анын талапкерлигин КСДП фракциясы көрсөтүп, активдүү колдогон. Фракциянын лидери Иса Өмүркулов ал кезде бул талапкерди абдан мактаган: “Бул бала бир канча жогорку окуу жайларды мыкты окуп бүткөн! Жаш, акылдуу бала!”

Дагы бир абдан кызыктуу жагдай: жаш, акылдуу отличник Сатыгулов КСДПнын каржылык маселелери боюнча алмашпас ыйгарым укуктуу өкүлү Надира Сатыгул кызынын уулу. Надира Сатыгул кызы өзү болсо КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин ишенимдүү адамы. Болгондо да абдан ишенимдүү: өз убагында, белгилүү болгондой, Надира Сатыгул кызы Алмазбек Шаршеновичтин жеке катчысы болуп иштеген.

Ошентип, КСДП партиясынын талапкеринин шайлоо фондусуна келип түшкөн акчалардын баарына керт башы менен жооп берген каржылык өкүлүн өз уулу көзөмөлдөп калган. Албетте, БШКда КСДПнын талапкеринин шайлоо штабына эч кандай суроолор пайда болгон эмес. Эгерде кылмыштуу 150 миң доллар (10 млн 500 миң сом) шайлоо фондуна келип түшкөн болсо, буга КСДПнын өкүлү Адилет Сатыгулов жана анын энеси Надира Сатыгул кызы жооп бериши керек.

Ошондой эле ошол кездеги шайлоо штабынын жетекчиси, КСДПнын негизги ишмерлеринин жана Атамбаевдин эң жакын адамдарынын бири Фарид Ниязов дагы жооп бериши керек. Президенттикке талапкер анын шайлоо фондуна кайдан акча келип түшүп жатканын биле албайт, билүүгө милдеттүү дагы эмес. Ал эми анын штабынын жетекчиси билет жана милдеттүү! Каржылык чыр-чатактар ким болбосун президенттикке талапкерлерге кереги жок – айрымдары анын саясий өз жанын кыюуга да барабар. Ал эми ар кайсы партиялардын жана ар кандай деңгээлдеги штабчылары эч нерседен коркпойт. Ошондуктан ар кайсы каржылык махинациялар – шайлоо фондуларын бөлүштүрүү менен да алектене беришет.

Ошондуктан күнөөнү өлкөнүн президентине оодарып жаткан КСДП жазуучу Гоголь жазган өзүн-өзү камчылаган офицердин жесирине окшоп калып жатат.

Бирок тергөө Илмиянов ошол 150 миң долларды өз чөнтөгүнө салып алды деген бүтүмгө келген окшойт. Анткени ага алдамчылык боюнча айып бекеринен тагылбады да. КСДПнын ачыктаган катына жооп катары УКМКнын жазган катына көңүл бурса болчудайбыз:

“Тергөөдө И.Илмиянов тарабынан акча каражаттары алынганы боюнча далилдери жетиштүү. Бул акча каражаттарынын пайда болушу жана коротулушу боюнча бардык жагдайлары текшерилип жатат”.

Бул чырлуу окуяда эң таң калыштуусу – андан кийинки айтышуу. Эмнегедир“Илмиянов акча алдыбы-албадыбы” деген темага эмес,“Илмиянов көрсөтмө берип жатабы же жокпу” деген темада талаш жүрүп жатат. УКМК расмий айтып жатат: Илмиянов учурда тергөө менен активдүү кызматташууда. Анын адвокаты муну четке кагып атат. Байкоочулар болсо “жок, Икрам андай эмес, кызматташпай эле турат”, деген бүтүмгө келип жатышат. Качантан бери чындык жана адилеттик орношу үчүн тергөө менен кызматташуу саясатчы жана жаранга татыксыз болуп калган?

“Дело №” гезитинин 2018-жылдын 7-ноябрь күнү  чыккан санынан которулду

Булак: Де-факто

 

 

 

Последние новости