www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизинен уурулук деген нерсе таракандай жайнап кетти. Күнүгө майда, ири уурулуктар болуп турат. Көпчүлүк учурда кимдин кандай менчиги уурдалганын билбей деле калабыз. Анткени алар болгону милицияга кайрылышып отуруп калышат умсунуп. Айрым таанымал адамдардын унаасы уурдалса, же үйүнө ууру кирсе заматта дүң боло түшөт. Себеби, алардын кантсе да коомчулукта орду бар эмеспи.

Беш күн мурда кино жаатындагы алп кишинин - Болот Шамшиевдин чейрек кылымдан бери чарчабай ээсине ак кызматын кылган унаасын колуңа шал тийгирлер короодон уурдап кетишип, керектүү нерселерин чечип алып, калганын өрттөп ийишип чыс коюптур. Көрсө бул унааны залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов белекке бергенин кинорежиссер кейип билдирди. Ал эми ууруларга баары бир да, кимдин машинеси, белекке берилди беле деп отурбайт. Бир жагынан оңой ачылган унаага сүйүнүшкөн эргулдар олжосун эртерээк айдап кетүүгө кызыккан окшойт. Кармалса деле эми машине ордуна келбейт, анткени өрттөнүп кетпедиби?

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости