www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында, комитеттин төрайымынын орун басары Тазабек Икрамов менен аталган комитеттин депутаты Евгения Строкова кайым айтышып, бирин бири "сен эч ким эмессиң, прокурорсуңбу" дегенге дейре жетишти. Орун басар катары ойлорун айтууга ниеттенген Тазакенин кебин, так эле түшүнгөн Строкова: "Икрамов "Өнүгүү" фракциясынан чыгарылган, анын орун басары болуп отурушу өзү мыйзамдуубу деген суроо жаралат.

Экинчиден, Икрамов өзүн өтө орой алып жүрөт, кээ бир министрликтерди коргоп жүрөт, ошон үчүн ага модераторлукту берүүгө мүмкүн эмес", - деп мурдунан бир тийди. Сыягы, буга чейин эле экөөнүн эрөөлү эл билбеген жерлерде жалындап, аягы комитетте какташмайга жетелеп келген өңдөнөт.

Болбосо, сөз этегине чыкпаган Икрамовдун "икаяларын" оозунан жулуп алганы бекер эмес го. Строкова калаадагы бир катар билим, саламаттык жайлардын абалына көбүрөөк кайрылып, министрликти кактап жүргөн жайы бар. Андан кем калышпаган Икрамов дагы, Строкованын ким экенин айтып үлгүрдү.


"Евгения Строкова менен Аида Исмаилова өзүм билемдик кылып, атайын комиссияларды түзүп, кээ бир министрликтерди текшерип, иштөөсүнө жолтоо болуп жатат" - деди Икрамов. Мунун менен ал тиешелүү министрликти коргогонун же Строкованын "прокурорлук" ишин толгогонун "ким билсин" абалда калтырды. "Силер эмне прокурорсуңарбы? -деп ачууланды Икрамов. Сөз аягы алар бири бирине "сен эч ким эмессиң" деген чейин барып, төрайым Молдобекова жана Жанар Акаевдердин "койгула" ишараттары менен барып токтошту.

Булак: Факты.kg
 

 

Последние новости