www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Атамбаевдин мурдакы кеңешчиси Икрамжан Илмияновдун камакка алынганынан бери бир айга жетпеген мезгилде бул саясий карта оюнду уюштургандар каалагандай жүрүш жасай албасы белгилүү болду. Илмияновдун кылмыш иши адегенде көнүмуш жол менен ишке киргизилди - экс-президенттин чөйрөсүнө жакын адамды коррупцияга айыптап туруп, бат эле кармап, ага эмнени анык илиш керек экенин анан ойлонуш керек болду.

Бирок айыптоонун алдын ала ойлонулган стратегиясынын жоктугунан иштин ойрону чыгып, Илмиянов эч кимге билдирбейбиз деп пландаштырылган сырдын бетин ачкан учурдун өзү болуп чыга келди.

29-октябрь күнү УКМКнын КСДП менен кат алышуусунун натыйжасында Илмияновдун ишинин президенттик шайлоого тиешеси бар экени анык болду. Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети партияга "Дизель комплект" деп аталган кайсы бир ЖЧКнын "сыйлоо жана демөөрчүлүк жардам иретинде" партиянын штабына берген 150 миң доллары жөнүндө отчет берүүсүн талап кылып, суроо кат жиберген. Фирма аталган коррупциялык ишке өзү арызданган имиш: ошол кезде шайлоо алдындагы штабдын жетекчисинин орун басары кызматын ээлеп турган Илмиянов 2017-жылдын 8-августунда бул акчаны "Дизель комплектен" пара катары алган экен. Бул жерде октябрдын башында, Икрамжан Илмиянов камакка алынганга чейин эле Баш прокуратура кайсы бир фирманын арызы бар экени туурасындагы имиштерди өзү четке какканын белгилей кетүү керек. Эми ошол фирманын аты да ачыкка чыкты.

КСДП элдин баарына айдан ачык нерсени кабарлоо менен УКМКнын суроо катына мыйзам ченемдүү жооп берген, тактап айтканда, саясий партиялардын шайлоо штабдарына жана шайлоо фонддоруна эч кандай тиешеси жоктугун, социал-демократтар шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдогонун, андан ары бардык финансылык маселелерди президенттикке талапкердин өзү жана анын штабы чечкенин айткан. Андан аркысы ого бетер кызык. Маалымат ресурстары, албетте "Дизель комплект" ЖЧКсы эмне болгон ишкана экен деп кызыгып, бул фирма туурасында таң калыштуу кызыктарды таап чыгышты.

Биринчиден, "Дизель комплектке" 2017-жылы Кыргызстанга ири партияда болжолдуу түрдө аткезчилик жол менен алып келинген "БелАЗ" маркасындагы унаа каражаттарын кармоо фактысы боюнча кылмыш иши козголгон болуп чыкты. Жүктүн наркы миллиондогон долларлар менен эсептелген, ошондо Финпол тергөөнүн купуялуулугуна шылтап, иштин чоо-жайын ачыкка чыгарган эмес, УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов болсо Финполдун чынында эле "Дизель комллектке" кылмыш ишин козгоп, бирок ал кийинчирээк жабылганын, иш 2018-жылда кайрадан жандандырылганын кабарлаган.

Окуя караңгы, бирок фирманы түзгөндөрдүн өзүлөрү андан бетер шектүү. Минюсттун маалыматтары боюнча компания адистешпеген товарларды дүңүнөн ташып келүү менен алектенери, анын ичинде Өзбекстандагы "БелАЗ" заводунун расмий өкүлү болгондугу айтылган. ЖЧКнын жетекчиси - Николай Грамович, ал эми ээлик кылуучусу - Грант Оганянц дегендер экени көрсөтүлгөн. "Дизель комплект" Бишкектеги эркин экономикалык аймакта катталган. Оганянц да, Грамович да КРнын жарандары эмес болсо да "Дизель комплект" чет элдик компания катары катталган эмес. Азыркы учурда ЖЧКнын жетекчилигин баш аягын табууга эч бир мүмкүн болбой жатат, кеңсеси бош турат, фирманын өкүлдөрү менен да эч кандай байланыш жок. Кылмыш иши да ачылган бул ири соода компаниясы тимеле жылан сыйпап кеткендей изи да жок, андыктан "Дизель комплект" качан, кандайча Илмияновго пара бергенбиз деп даттанууга үлгүргөнү белгисиз.

"Дизель комплекттин" жетекчисин Белоруссиядан издеш керек деген болжол бар, бирок муну азырынча тастыктаганга да, төгүндөгөнгө да мүмкүн болбой турат. Илмияновдун ишине келсек, тергөөнүн шайлоого карата божомолу абдан эле ыңгайсыз болуп чыкты окшойт. Ага ылайык, шайлоо алдындагы штаб жетекчисинин орун басары чет элдик жеке адамдардан пара алган жана аны талапкердин штабына жеткирип берген.

Акчаны өткөрүп берүү фактысын УКМК аныкталган деп эсептейт, антпесе "бул акчалар кайда кетти?" деп КСДПга бекеринен суроо кат жөнөтөбү? Мындайча айтканда, Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы өнөктүгүн кайсы бир бир чет өлкөлүк компания да каржылаган болуп атпайбы?

Жээнбековдун штабынын мүчөсү коррупцияга аралашканбы? Анда шайлоонун өзү мыйзамдуубу деги? Жооп ачык эле жана ал азыркы бийликке жагымсыз болоору анык.

Мындай жагдайда Илмиянов айрымдар көксөгөндөй, Алмазбек Атамбаевге каршы көзүр эмес, учурда иштеп жаткан президенттин ыйгарым укуктарынын мыйзамдуулугунун пайдубалынын астына коюлган чыныгы бомба болуп чыгып атпайбы.

Башкага көр казсаң, кененирек каз деп чынында бекеринен айтышпаган экен. Азырынча УКМК Илмияновдун тергөө менен активдүү кызматташып жаткандыгы туурасында шаңдуу рапорт берип жатканы менен мунун чын төгүнү белгисиз, бирок мамлекет башчы катары Жээнбековдун өзүнүн тынчылыгы чындап келгенде Илмияновдун көрсөтмөлөрүнө жана иштин аякташына көз каранды болуп калды окшойт.

Булак: "Ачык саясат"

Последние новости