www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиядагы президенттик шайлоодо Драупади Мурму жеңди. Ошентип, өлкөнүн тарыхында экинчи жолу аял мамлекет башчы болду. Бул тууралуу Lenta.ru басылмасы жазды.

Мурму штаттардын жана аймактардын парламенттеринин жана жергиликтүү ассамблеяларынын мүчөлөрүнүн ичинен шайлоочулардын 64% добушуна ээ болуп, анын атаандашы оппозициялык Яшвант Синха үчүн 36% добуш берилди. Мурму өлкөнүн бардык штаттарында добуштарды алды, ал эми Синха үч штатта утулуп калды.

Мурму 25-июлда, азыркы президент Рам Натх Ковинддин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга бир күн калгандаант берет.

Индиянын президенти беш жылдык мөөнөткө эң көп дегенде эки мөөнөткө шайланат. Президенттик шайлоо 18-июлда өтүп, добуштар 21-июлда саналган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости