www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кувейтте Google Play, Apple, App Stote, Instagram тиркемелери аркылуу үй жумушчуларын кул катары ачык эле сатууда. Бул тууралуу ВВС кызматы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, миңден ашык аялды жашына, өңү-түсүнө карата сорттоп, бир нече миң долларга баалап сатышууда.
ВВС араб кызматы базар кайсыл жакта жүрүп жаткандыгы, кантип соода жүргүзүп жатышкандыгы тууралуу иликтөө жүргүзүшкөн. Журналисттер 57 аккаунттун колдонучулары менен сатып алуучу катары сүйлөшүп, 10 дон ашык үйгө барышкан. Сатуучулар кулдардын жашы 16 жаштан башталарын, аялдын жашына, өңү-түсүнө, күчүнө карата сорттоп, бир нече миң долларга сатылаарын айтышкан. Мындан тышкары индиялык кулдар кир келишерин, баасы дагы арзан экенин белгилешкен.
Ал эми, Кувейттин өкмөт башчысы бул боюнча укук коргоо органдары иш алып барып жаткандыгын, тиркемелердин баардыгына тыюу салынгандыгын билдирген. Бирок, тиркеме Google Play менен App Stote,де азыр деле жеткиликтүү.
Эске салсак, мындай кара базар Кувейтте гана эмес, Сауд Арабиясында кездешет.
Булак: NazarNews.kg