www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольмд Ирактагы кыргызстандык балдарды алып келүү маселесин талкуулашты. Жольмд өзү жетектеген уюм балдарды Ирактан кайра алып келүүнү уюштуруу иштерин колдоого даяр экенин айтты.
Тышкы иштер министрлиги буга чейин Сирия жана Ирактагы кыргызстандыктарды алып келүү боюнча иштер жүрүп жатканын айткан. Маалыматка караганда, ал жактагы жарандардын санын тактоо иштери жүрүп жатканын белгиледи.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, ушул күнгө чейин Сириянын согуш жүргөн аймактарына баш-аягы 800дөй кыргыз жараны кеткен. Анын ичинен 200дөн ашыгы курман болгон. Террордук топторго кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылып жүрөт.
Булак: NazarNews.kg