www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Канчалаган жылдар өтсө да, Шаикова тууралуу акыйкаттык орноп эми аны УКМК издештире баштады. Колдогонуӊ чоӊ болсо, мыйзамдан тышкары иш жасаса да болот, колдогону чоң Шаикова канчалаган жылдар Мамкаттоодо тайралаңдап жүрдү.

Өкмөт  Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасына Бишкек шаарындагы Камская көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан имараттан орун бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алган. Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына «Инфоком» ишканасын белгиленген тартипте имараттын 1-кабатындагы 506,8 чарчы метр аянтты ээлеген жана 431,8 чарчы метр аянттагы цоколь кабатындагы имаратка акысыз негизде, коммуналдык кызматтар менен эксплуатациялык чыгымдарды төлөө шарты менен жайгаштыруу тапшырмасы берилген.

Мурда «Инфоком» мамлекеттик ишканасы Манас проспектисинин №28 дарегинде акысыз негизде жайгашкан. Кошумчалай кетсек, «Инфоком» МИ Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорт берүү жана персонификациялоо боюнча иш жүргүзөт. Бул ишкана 1997- жылы тʏзʏлгѳн. Бул жерде «Инфокомдун» эч ойлонулбаган аракети ишке ашып жатат.

СЦИУну жоготуш ʏчʏн ал кездеги депутаттар «май талкандуу» Мамкаттоо кызматынан А.К.Шаикова  СЦИУнын алдындагы  мамлекеттик мекемени жоюп, анын функциясын  «Инфоком» мамлекеттик ишканасына берʏʏ тууралуу мыйзам долбоорун, мыйзамдан тышкары (вопреки требованиям законодательства) карап берʏʏсʏн ѳтʏнѳт.

Кѳрсѳ, Шаикованы жѳн эле адамдар колдобоптур, аны ал кездеги кыргыз президенти (с поддержкой Правительства) дал ѳзʏ колдоп берип  жатыптыр. Мыйзам боюнча калктын реестрин алуу максатында  «Инфоком» айдоочулар тармагы жана транспорт каражаттары менен иш алып барып жаткан СЦИУ (Специалированный центр информационных услуг) менен бириккен. Бул калктын бирдиктʏʏ регистрлѳѳ иш чарасы боюнча купуя бир топ факторлор бар:СЦИУ Башкы башкармалыгы айдоочулардын кʏбѳлʏгʏн берет.

Албетте, ѳзʏбʏздʏкʏн да, бизде жашаган чет элдиктердикин да. Ал эмес бул мекеме юридикалык жактарды кайра регистрациядан ѳткѳзѳ албайт деген тескери маалымат бар.

Юстиция министрлигинин 2010-жылдын 20-январындагы №153 буйругунун негизинде бул мекемеге мыйзамдуу  Кыргыз Республикасынын ИИМнин  МАИ Башкармасынын алдындагы чарбалык эсептеги компьютердик борбору» - деген кʏбѳлʏк 2010-жылдын 20-январындагы ГПР №0088926 мамлекеттик каттоодон ѳткѳн.

Шаикова болсо ѳкмѳткѳ таянып, мыйзамды аттап ѳткʏсʏ келет. Граждандык Кодекстин 2 бѳлʏмʏнʏн 96 беренесинде  бул катачылык деп оркоё жазылып турат. Ал эми комиссияга  эки орунда отурушкан СЦИУ менен ДРТС жана ВС (Департамент регистрации транспортных средств и водительского состава) менен биргелешип туура эмес иш алып барып жатат деген жалган маалымат берген.

Чындыгы, экѳѳ мамлекеттин борборунун ар кайсы аймагында отурушат.

«Анкер» ЖЧКсы автотранспортторго мамлекеттик номерлерди даярдап берʏʏ тууралуу СЦИУ менен келишим тʏзʏлгѳн.

Ушул келишим боюнча «Анкер» ЖЧКсы чет элдик номер белгилерин берип жана эл аралык жол кыймылы ʏчʏн айдоочуларга  атайын жекеме кʏбѳлʏктѳрдʏ берип турган «Атлас Крипт» ЖЧКсы менен келишим тʏзгѳн. Ушул келишимдин негизинде «Атлас Крипт» ЖЧКсы Швейцариянын Цюрих шаарындагы инвесторлор менен келишим тʏзʏшкѳн.

Керек болсо, бул талашты чечʏʏ максатында эл аралык сот органдарына кайрылса болот. Боор- жʏрѳгʏ борборго батпай бараткан ѳкмѳт бул долбоордун анык-бышыгын аныктабай эле, башкы кезекке социалдык жарылууну коюшкан.

Себеби, СЦИУдан 230 адам, анын ичинде 67 пайызы аялзаты,14 жашка чейинки балдары бар энелер да бар. Албетте, алардын Башмыйзамдагы эмгекке карата укугу бузулуп жатат. СЦИУ менен «Инфокомдун» Граждандык кодекс боюнча иш аракети ар кандай болгону менен, экѳѳнʏн теӊ менчик формасы мамлекеттик. Кандайча мамлекеттик номер белгилерин СЦИУ жасап, «Инфоком» сатат? Андан тышкары ал тʏшкѳн акчанын пайызын ѳзʏнѳ алат?

2011-2013 – жылдары «Инфоком» ѳзгѳчѳ комбинациядагы мамлекеттик номерлерден 34 миллион иштеп тапкан. Эсептѳѳ палатасы республикалык бюджетке 8 млн сом тʏшпѳй калганын аныктады. Пилоттук долбоорду киргизген ѳкмѳттʏн бул иштери акталган жок. 

Эки ишкананын финансылык ресурстарын бириктирʏʏ Эмгек кодексинин 78 беренесин одоно бузгандык болуп эсептелет.

Мамлекеттик каттоо жетекчиси СЦИУнун жумушчуларынын 15% кыскартып эмгек мыйзамдарын бузуп жатат. Граждандык Кодекстин 96 беренесинде да бул укук бузуучулук байкалат. 2013 жылдын 3-мартындагы № 109 жана 2013 жылдын 6 майындагы  № 240 мыйзамдар одоно бузулуп жатат. Юстиция министрлиги  «СЦИУ жѳнʏндѳ» мыйзам Жобосун   2014-жылдын 13 январда ( за исх.№ 02-6/234 и повторно Устав ГУ СЦИУ 28 марта 2014 года 02-2/3304) караган. 2014-жылдын 26 июнунда  СЦИУнун Жобосу жана Уставы ѳкмѳттѳ бекиген эмес. Себеби белгисиз, кимден суралат эле?

Ошондуктан, ушуну бетке кармап мамлекеттик ишкананы жойгон жатышат. СЦИУ тууралуу Жобо ГРС жана Минюстта каттоодон ѳтʏп кʏбѳлʏк алган.

Мыйзам боюнча муну жоюу ʏчʏн соттун чечими, же мыйзамдын одоно бузулушу шарт, болбосо банкрот болушу зарыл. Мындай негиздер жок!

СЦИУнун кирешеси жыл сайын ѳсʏп баратат, эгерде 2010 жылы  40,7 миллион болсо, анда 2011 жылы 116,4 млн., 2012 жылы 143,6 млн, 2013 жылы 171,0 млн,  2014 жылы ушул кʏнгѳ чейин 77,0 млн.  Республикалык бюджетке салык тʏрʏндѳ которулган акча каражаттары:  2010 жылы 9,1 млн. сом, 2011 жылы 18 млн, 2012 жылы 21,2 млн, 2013 жылы 23,2 млн,  2014 года  жарым жылда 11,8 млн.сом. Бул ишкана 1997 жылы тʏзʏлгѳн. Бул жерде «Инфокомдун» эч ойлонулбаган аракети ишке ашып жатат.

Бул жерде канча тагдырлар чечилип жатат, мамлекет болсо бир тыйын да пайда кѳрбѳйт. Бир гана кекиртеги кенен чиновниктер пайда кѳрѳрʏ белгилʏʏ, мындай кеӊкелестиктен кутулуу ʏчʏн эмгек жамааты ʏмʏт кылат. Бары бир акыйкаттык орнойт!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости