www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ирандын Башкаруу Кеңеши (Эксперттер тобу) 8-мартта Ислам Республикасынын жаңы Жогорку Лидерин дайындоо чечимин кабыл алды. Бул АКШ менен Израилдин аскердик операциясында аятолла Али Хаменеинин өлтүрүлүшүнөн бир жума өткөндөн кийин болду. Эксперттер кеңешинин чечимин Ирандын мамлекеттик маалымат каражаттары расмий түрдө жарыялашты. Али Хаменеинин уулу Можтаба Хаменеи өлкөнүн жаңы лидери болду.

Бул кызмат Хаменеинин уулуна эбегейсиз чоң бийлик берет: ал Ислам революциясынын гвардия корпусун түздөн-түз көзөмөлдөйт жана согушту токтотуу боюнча келишим анын макулдугун талап кылат.

Белгилей кетсек, ал маркум атасындай эле радикалдуу багытты карманган адам.

Последние новости