www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Иран парламентинин тийиштүү комитети хиджабга байланыштуу мыйзамды бузгандар үчүн жазаны катаалдаткан эрежени жактырды. Эми жогорку лидер Али Хаменеи дайындаган ислам диниятынын мүчөлөрүнөн жана юристтерден турган Конституция коргоо кеңешине сунушталат.
CNN мурда кабарлагандай, мыйзам долбоорунда хиджаб кийүүдөн баш тарткан аялдарга 360 миллион риал же 7800 евродой айыппул салуу жана 10 жылга чейин эркинен ажыратууну караган 70 берене камтылган.
Азыр Иранда бардык аялдардын башын жана моюнун жаап жүрүүсүн талап кылган мыйзам бар. Адеп-ахлак полициясы эреженин сакталышын көзөмөлдөп, тартип бузгандарды көчө камералары аркылуу табат. Буга чейинки мыйзамды бузгандарга 10 күндөн эки айга чейинки камак каралган.
Былтыр сентябрда 22 жаштагы студент кыз хиджаб кийүү эрежесин бузган деп кармалгандан кийин көз жумган. Анын өлүмү өлкөдө жапырт нааразылык акцияларына себеп болгон. Демонстрацияларда жүздөгөн адам өлүп, айрымдарын бийлик дарга асты.
Булак: NazarNews.kg