www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын тигүү тармагы акыркы мезгилде Россияга экспортто олуттуу кыйынчылыктарга туш болуп, көптөгөн ишкерлер чыгымга учурап жатканы айтылып келет. Бул көйгөйдүн негизги себептеринин бири, Россияда киргизилген “Честный знак” маркировка системасына Кыргызстандын ишкерлери толук даяр болбой калганы.
Россия бул системаны 2022-жылы ишке киргизип, адегенде өзүнүн ички ишкерлерин даярдай баштаган. 2023-жылдан тартып сырттан келген товарларга да бул талап коюла баштаган. Бирок ошол учурда Кыргызстандын Министрлер кабинети Москва менен сүйлөшүп, кыргыз товарларына үч жылга чейин “Честный знак” талап кылынбай турушу боюнча макулдашууга жетишкен. Ал кезде Өкмөттү Акылбек Жапаров тейлеп турган.
Ошол мезгилде Кыргызстанда ишкерлер негизинен ККМ системасына жаңыдан өтүп жаткан. Кийинчерээк ЭТТН, ЭТН жана электрондук кол тамга (ЭЦП) сыяктуу электрондук эсепке алуу системалары киргизиле баштаган.
Бирок өкмөт курамы өзгөрүп, Салык кызматынын башына келген Алмамбет Шыкмаматов айрым тармактар үчүн ККМ жана башка электрондук документтерди талап кылбоо боюнча өзгөртүүлөрдү киргизген. Натыйжада көптөгөн ишкерлер кайрадан патенттик система менен иштөөгө өткөн.
Россия 2025-жылы “Честный знак” системасын толук автоматташтырып, кыргыз товарларына да талап коё баштаганда көп ишкерлер экспортто көйгөйгө туш болгон. Анткени россиялык тарап товар боюнча так маалыматтарды өндүрүүчү ишкана, ишкер, чыгарылган көлөм жана башка документтерди талап кылган. Патент менен иштеген айрым ишкерлер мындай маалыматтарды толук көрсөтө албай, товарлары кайра кайтарылган учурлар болгон.
Бул аралыкта ишкерлер маркировка жана электрондук документтерди даярдап бүткүчө бир нече сезондук буйрутмалар куржалак калып, айрымдары банкротко учураган. Натыйжада тигүү тармагында иштеген көптөгөн адамдар жумушсуз калган.
Кийин Салык кызматы мыйзамга өзгөртүү киргизип, 2025-жылдан тартып экспортко чыккан товарлар үчүн ЭТТН, ЭТН жана ЭЦП милдеттүү экенин жарыялады.
Эксперттердин айтымында, маселенин негизги сабагы экспортко багытталган тармактар эл аралык талаптарга алдын ала даяр болушу керек. Россия тараптан коюлуп жаткан талаптар негизинен товар жүгүртүүнүн ачыктыгын жана мыйзамдуулукту камсыз кылууга багытталганын белгилешет.
Кыскасы, баарын Шыкмаматов бүлдүргөн тура. Анын иштин көзүн билбей популисттик кылганынын кесепети тигүү тармагын талкалады. Канчалаган ишкерлер жабыр тартты. Ишсиз калгандар канча?