www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери «Ош» эл аралык аэропортунда ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн алтын буюмдарын мыйзамсыз алып кирүү аракетин токтотушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, рейддик салыктык көзөмөлдүн жүрүшүндө өлкөгө тиешелүү коштомо документтери жок,  жалпы баасы 1 миллион сомдон ашкан алтын буюмдарын (шакек, сөйкө жана чынжырлар) алып кирүү аракети аныкталган.

Бул факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында материалдар юридикалык баа берүү үчүн прокуратуранын органдарына жөнөтүлдү.

 

Последние новости