www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Жогорку Кеңеш ресурсун түгөтүп, элдин ишеничинен чыктыбы?
- Жогорку Кеңеште парламент тарайт деген сөз жок. Депутаттар баштагыдай эле мыйзам жазып, тиешелүү маселелерди талкуулап жатабыз. Өкмөт менен деле тил табышып, фракциялар деле бири-бирин түшүнүшүп, кадимкидей эле иштеп жатабыз. Эгер парламент ишин жөндөй албай жатса же өкмөт менен тирешип, түшүнбөстүктөр жаралса президент өкмөттү же парламентти таркатууга аргасыз болмок. Азыр парламент тарай турган, пикир келишпеген, тирешти күчөткөн жагдай, жаңжал деле жок. Сыягы, парламенттеги маселелердин баары телевидение жана интернет сайт, социалдык сеттер аркылуу элге түз жетип жатканы үчүн депутаттар баштагыдан да көбүрөөк сынга кабылып, айрым депутаттардын көтөргөн маселелерине да реакция тез болуп жаткандай. Ошон үчүн парламенттин ишмердүүлүгү тууралуу да түрдүү пикирлер айтылууда.
Негизи акыркы кезде позитивди жазгандар, элге жеткиргендер аз. Айтайын дегеним, парламентке келген журналисттин көбү эле депутаттардын жетишкендиктерин, жакшы жактарын эмес, катачылыктарын издешет. Ошон үчүн айрым жарандарыбызга парламенттин ресурсу түгөнүп жаткандай сезилип жатса керек.
Булак: "Фабула"