www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР эмгек сиңирген артисти, композитор, обончу, М.Абдраев атындагы атайын музыкалык мектептин директору Исрадин Аманбаев экөөбүз көптөн бери жолугуп, чыгармачылык жаатында баарлаша элек болчубуз. Туз-насип буюруп, аты аталган мектепке барсам, өзүндө экен. Өткөн-кеткенди бирге эстедик.
-- Исрадин, сени көпчүлүк эл обончу гана катары билип баалашат. Биз сөздү бала чактан бир эскерип, айтылуу Рыспай Абдыкадыровго жолуккан күндөн баштасак...
-- Музыка дүйнөсүнө аралашканыма бери жагы 40 жылдан ашып кетиптир. Албетте, кыргыз элине эң ириде обончу катары таанылгам. Өзүңүз билгендей, кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунун композитор бөлүмүн аяктадым. Ошондон бери элге дайыма ырдалып жүргөн ырлардын саны элүүдөн ашты. Алсак, “Нестан Дарежан”, “Мөл булак”, “Ай жарык”, “Ай гитара, гитара”, “Соң-Көл баяны”, “Тоолук кыз болду периштем”, “Айданек”, “Жетиген”, “Үркөр” жана башкалар. Жогоруда “Рыспай Абдыкадыров” деп калбадыңызбы, мен бул киши жөнүндө айтардан мурда, өмүрүмдө музыкада үч кишинин аты менен сыймыктанып, алар мага жолбашчы болгонун айта кетпесем болбойт: Рыспай Абдыкдыров, Асанкан Жумакматов жана Алтынбек Жаныбеков. Рыспай аке мени музыка тарапка сүйрөгөн биринчи адам. Анда мен айылда, тактап айтканда, Алайкуу өрөөнүнүн Көңдүк айылында окуп жүргөн мезгилиме туш келет. 1978-жылы жай саратанда Рыспай аке, Давлет жеңе, кызы Сюита, чоң комузчу Фахридин Баяков болуп бизге келишет. Чөп чабыкта жүрсөм Үсөн Матисаков агабыз мени чакыртып ийиптир. “Кайда барат” менен “Берчи мага жарым кашык музыка” деген ырларым популярдуу болуп калган кез эле. Ошолорду келген коноктордун алдында ырдатып, комуз черттирди, келген меймандардын баарына жакты. Анан эле Рыспай аке “эй бала, 8-классты окуп атыпсың, мектепти бүтөрүң менен Ошко бар. Пединституттан бизди тап, ошол жерде мугалимбиз. Билимиңди жогорулатып, чоң музыкант кылабыз” деди.
-- Менимче, Рыспай аке балык уулаганды жакшы көрсө керек эле?
-- Туура айтасыз, алар эс алып, балык кармаганы эле келишиптир. Мен аларга балыкка сөөлжан таап берип, ара-чолодо ырдатып, өздөрү ырдап, бир жума болушту. 10-классты бүткөндөн кийин алардын айтуусу боюнча Ош пединститутунун музфагына тапшырып калдым. Ошентип, Рыспай аке мени музыкага сүйрөгөн биринчи адам.
-- Асанкан Жумакматов – маэстро менен кандай шартта жолуктуңар?
-- 1985-86-жылдары Ак-Кыя мектебинде мугалим болуп иштеп аткам. “Нестан Дарежан”, “Ай жарык” аттуу обондорум эл ичинде популярдуу болуп калган. Бир күнү “Жумакматов Ош шаарына чакырып атат” деп калышты. Эмнеге экени мен үчүн абдан купуя болду. Ошко келдим. Керим Турапов, Дарика Жалгасынова, Шеркул Дүйшөналиев ж.б. бар экен. “Исрадин сенсиңби, он ырыңды оркестрге иштеп келдим” деди. “Нестан Дарежанды” Шеркул Дүйшөналиев, “Төкчү жамгыр”, “Өттү күндөр”, “Мөл булакты” Дарика эже, “Тоолук кыз болду периштем”, “Ай гитара, гитараны” Керим Тураповдор эл алдында ырдап гастролдоп жүрүшкөн экен. “Сен эми биз менен кошо жүр. Анүстүнө ырларыңды өзүң деле аткарат экенсиң. Жумушуңду токтот” деп, жарым айча мени Асанкан агай алып алды. Оркестр менен биринчи жолу ырдадым. Ага чейин көпчүлүк учурда аккордеон менен созчумун. Гастролдун соңунда “Исрадин, сен бу жерде жүрсөң жүрө бересиң. Обондоруңдун калыбы классикалык романстарга жакын экен. Сенден жакшынакай композитор чыгат. Ордо калаага келип искусство институтуна тапшыр” деди. Өзүм да композитор болууну, музыкалык сабатты толугу менен жоюп, кенен билим алууну көздөп жүргөн элем. Шыр эле келип композиция бөлүмүнө тапшырдым. Сиз ошол кезде жогорку курстарда Алтынбек Жаныбеков агайдан билим алып аткан кезиңиз экен.
-- Эми Алтынбек агайдай болобу, ченебеген киши эле да...
-- Ооба, ал киши чоң композитор, мыкты симфонист, оркестрди жадыбалдай билген, анын тилин тапкан, ар бир музыкалык аспаптын өзгөчөлүгүн ажырата алган нагыз профессионал, кесипкөй адам эле. Анысы ал, ал эми насаантчылык, педагогикалык жагы укмуш болчу. Бу киши жөнүндө айта берсе сөз түгөнбөйт. Баардык мактоолор жарашат. Адамгерчилиги бийик адамдар жашоомдо сейрек кездешет. Анын бири Алтынбек Жаныбеков агай. Менин жогоруда айткан музыкалык сабатымды толук жоюуга, композитор болуума өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болгон үчүнчү адамым Алтынбек агай болду.
-- Бул жерден кошумча катары айта кетейин, Алтынбек агай менен бир аз мурунураак таанышкан болсоң керек эле. Кайсы бир сынакта комиссиянын төрагасы болуптур. Эстечи?
-- Ал мындай, Ошто обончулардын чоң кароо-сынагы болуп калды. Мен анда 21 жашта элем. Эң жашы мен окшойм. Калгандарынын баары дөө-шаалар. Токон Эшпаев, Рыспай Абдыкадыров, Кудайберген Темиров, Камчыбек Турсункулов, Бабаравшан Тургунбаев, Тургуналы Нурматовдор. Мени менен эсептешкен жан жок. Ошол сынакка жаңы чыгарган “Нестан Дарежан” ырымды апкелгем. Комиссиянын төрагасы Алтынбек агай, мүчөлөрү Советбек Исраилов дагы бир-экөө экен. Алардын максаты – обончуларды ырдатып эле тим калбай, алтын фондго жаздырып калуу окшойт. Гала-концертке мени да кошуп коюшту, “азамат экенсиң, жакшы ырды апкелипсиң” дешип. Алпаруучу Ырысбек Тасмаев ар бирин сахнага кезек-кезеги менен чакырып аткан, бир маалда мага келгенде мени да катуу мактап, элге тааныштырып, ырымдын тарых-таржымалын, Шота Руставелинин “Жолборс терисин жамынган баатыр” поэмасынын негизинде жазылган ыры деп кошо айтып, жаш ырчы-обончу экенимди кошумчалап аткан. Ырды бийик эргүү менен ушунчалык берилип ырдадым. Зал ичи тымтырс боло түшүп, анан шатыра-шатман кол чабуулар кетти. Сахнанын артында атайын бөлмөлөр бар эле, ошол жакка бет алдым. Ал жерде мени күтүп турган достор менен беш мүнөттөн ашык туруп калган экем, Ырысбек ага эшикти ачып эле “ой бала, кайда жүрөсүң? Бас сахнага! Сени эл күтүп калды, дагы бир жолу ырдап бербесең болбой калды. Башка ырчыларды ырдатпай атышат” деди. Сахнага башбакканда эле эл ордуларынан тура калып кайрадан кол чапкылап жиберишти. “Нестан Дарежанды” кайра ырдадым. Эртеси Оштун телевидениеси, радиосу бул ырды улам-улам кайталап берип, бир жуманын ичинде укмуш поплуярдуулукка жеткен, а мен бир күн ичинде “жылдыз” болдум.
-- Келинчегиңди да популярдуу болуп жүргөн мезгилде тапсаң керек эле?
-- Ооба, азыркы тил менен айтканда, “жылдыз” болуп жүргөн кезим. Окуу жайдын студенттери менен жолугушуулар бат-бат болор эле. Бир күнү Ош педагогикалык институту чакырып, физика-математика факультетинин студенттери болду. Чарчоо дегенди билбей, улам-улам теримди аарчып коюп ырдап атам. Сурангандарын кайтадан созом, азыркыча айтканда “тытып” атам, жанымда бир шеригим гитара менен коштоп турат. Кол чапкан сайын эргийм десең. Ошолордун арасынан татынакай бир кызга көзүм түшүп калды. Кийин таанышып, нике-кайып экен, турмуш жолун бирге улап кеттик.
-- Чыгармачыл адамдардын дээрлик көбү сүйүктүүсүнө арнап чыгармаларды жараткан эмеспи. Сен да колуктуңа ырлардан арнагандырсың?
-- Атын атап ырдабасам да обондордун көпчүлүк кайрыктары колуктума багышталганын жашырбайм. Атайылап “Күн желеси” деген ырымды арнап, клипке бирге тартылганбыз.
-- Экөөңөрдүн ортоңордо эки кыз, бир уул бар. Кыздар өз жолдору менен кетип, уулуң Сапар өзүңдү тартып музыканын артынан түштү...
-- Ооба, эки кыз, бир уулум бар. Эки кызым эки башка кесипте кетти. Уулум менин жолумду улантууда. Кичинекейинен пианиного отургузуп, тарбиялап, Зайтунна Нарынбаева эжесинен сабак алды. Эл аралык сынактарга катышып, чоң байгелерди утуп келди. Азыр консерваторияда мугалим болуп иштеп атат.
-- Ата-бала болуп бирдиктүү концерт берейин деген оюңар барбы?
-- Андай ойлор бар. Бир бөлүгүн мен, бир бөлүгүн уулум концерт берели дегенбиз. Бирок, көпчүлүк мындай ойду башкача кылып, ар кимиңер өзүңөрчө бергениңер жакшы, бири-бириңерге жабыштырбай дешип, себеп дегенде, өзүңдүн атың бар, а уулуң да өз жүзүн көргөзүп, өзүнчө бергени жакшы дешти. Мен ушуга токтодум. Кудай буюрса быйыл жеке концерт бергенге даярданып жатам. А Сапар даяр болсо, ал да бере берет деген ойдомун.
-- Канча небере бар?
-- Чоң кызыман эки, Сапардан үч, азырынча беш небере бар.
-- Жыйынтыктоочу суроо болсун, учурда бир обон менен катуу алпурушуп атканыңдан кабардарбыз. Ушу тууралуу оюңду уксак?
-- Эми айтып коё берейин, Барпынын “Барнайым” деген чоң дастан тексти бар. Ушуга көптөн бери дит коюп, ээлигип жүргөн элем. Кудай буюрса бүттү. Түп нускада комуз, аккордеон кылып туруп, үн жазайын деп атам. Кийин башкача шөкөттөлгөн форматта кете берсин. Өткөндө 3-4 жерде ырдадым, ыр ышкыбоздору абдан жакшы кабыл алышты.
-- Баса, “комузга да күү чыгарсамбы” деген элең...
-- Негизи атам чоң комузчу. 93 жашка чыгып калды. Учурунда биздин чөлкөмдө атамдан мыкты черткен комузчу болгон эмес. Жашы улгайып калганга байланыштуу өзүмө алдыртып алгам. Воронцовка айылындабыз. Алты жашыман комуз менен чоңойгом. Кээде “эгер комузчулук жакка багыт алганымда далай чеберлер менин жанымда шоона эшпей калмаксыңар” деп комузчуларды тамашалап калам. Сиз айткандай, комузга күүнү ар кимдикин чаптап, эптеп эле бирдеме кылып чыгаргандан алысмын. Күүм бир башкача болот. Азыр толгонуп аткан кезим, буюрса дейли...
Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ
Булак: "АЗИЯnews"