www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жашоодо ойго келбеген нерселер болорун Кытайдын Синьцзян провициясындагы катталган окуя далилдейт. Шахтерлор тобу, 17 жыл жыл мурун жер титирөөдөн улам, жер астындагы өтмөктүн эки ири көлөмдөгү аянты урап калган эски шахтадан галлереяга кеткен жол табышкан.

Галлереяны изилдеп жатышып, жер алдынан 1997-жылы болгон кырсыктан калып кеткен 59 жаштагы адамды табышкан. Ал киши абдан жаман акыбалда болгон. Шахтерлор аны дароо эле ооруканага алып барып, дарыгерлердин колуна тапшырган. Байкуш киши шахта ураганда Кудайдын кудурети менен аман калган. Анын жанында 78 кесиптешинин өлүгү калган. Тирүү калган Ченгдин бактысына ураган шахтанын аба кирүүчү тешикчелери жабыркаган эмес. Ошол себептен ага дем алууга мүмкүн болгон.

Жер астындагы төлөөдө, ушундай кырсыктар үчүн сакталган күрүч менен жан сактаган. 17 жыл бою ал, күрүчтөн тышкары, келемиштердин чийки эттерин жеп келген. 17 жыл ичинде ал чычкан-келемиштерге укмуш аңчы болуп чыга келген. Андан тышкары шекер мохун жеп, витамин менен азыктанган.

Ал жер төлөөдө 1 жыл бою кесиптештеринин сөөгүн жерге берүү менен алектенген. Анын кайтып келишине туугандары абдан кубанышууда.

Ченг эми жер астында эң узак жашоо боюнча Гиннестин рекорддор китебине кирди. Буга чейин рекордду камсыздаган Джеф Смит өз каалоосу менен жер астында 142 күн болгон.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости