www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Улуттук баалуулуктарды сактоо жана өнүктүрүү” илимий-практикалык конференциянын жыйынтыктары жөнүндөгү маселе Социалдак маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин бүгүн, 20-майдагы жыйынында каралды..
Талкуу жүрүшүндө кыргыз ай, күн, жыл календары тууралуу мыйзам долбоору иштелип чыга турганы белгилүү болду. Бул боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп иш алып барат. Мындай милдет Өкмөткө тагылып, аткарылган иштер тууралуу маалыматтарды 2019 – жылдын сентябрь айына чейин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тапшырмасы берилди.
Ошондой эле кыргыз ай, күн, жыл санагын Дүйнөлүк мурастардын тизмесине киргизүү үчүн ЮНЕСКОго демигелөө аракеттери да колго алынмакчы. Анын алкагында атайын видеофильм дагы даярдалат. Бул жагы Эл аралык Кувейт университетинен өтүнүлүүдө.
Комитет олтурумунда андан тышкары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2019-жылдын 7-мартындагы протоколдук тапшырмасынын аткарылышына да көңүл бурулуп, бул багытта Бишкек мэриясынын өкүлдөрү маалымат беришти.