www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин армиясы блокададагы Газа тилкесиндеги эң түштүк конуш болгон жана жер которгон миллиондон ашуун палестиналыктардын мекени болгон Рафахка «эвакуациялоо» жана кол салуу планын аскердик министрлер кабинетине тапшырды. Бул тууралуу Израилдин премьер-министринин администрациясы билдирди.

Белгиленгендей, план кечээ, 25-февралда кечинде берилген.

«Израилдин армиясы Газа тилкесиндеги согуштук аймактардан адамдарды эвакуациялоо жана келечектеги операция планын аскер министрлер кабинетине тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

Аймактын аты айтылбаса да, Израил басмасы сөз Рафахка кол салуу жана ал жерде баш калкалаган палестиналыктарды эвакуациялоо планы тууралуу экенин жазып чыкты.

Кошумчалай кетсек, Израилдин премьер-министринин кеңсеси аскердик кабинет «Газа секторуна гуманитардык жардам көрсөтүү планын» бекиткенин жарыялады.

Белгилей кетсек, 9-февралда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху армияга Рафахтагы жайкын тургундарды “эвакуациялоону” жана аймакка чабуул жасоо планын аскердик кабинетке тапшырууну буйруган.

Маалымат үчүн айта кетсек, Израилдин 2023-жылдын 7-октябрындагы чабуулдарына чейин Египет менен чектеш Рафах шаарында 280 миңдей палестиналык жашаган. Кол салуулар башталгандан бери 1 миллион 900 миң палестиналык Газа тилкесиндеги үйлөрүн таштап, алардын көбү Израил мурда “коопсуз аймак” деп жарыялаган Рафахты баш калкалады.

Ошентип, Рафахтын калкы беш эсе көбөйүп, 1,5 миллион адамга жетти. Жер которгондор тамак-аш, таза суу, күйүүчү май жана дары-дармектин жетишсиздигинде жашоого, баш калкалоочу жай катары брезент жана желим чатырларды курууга аргасыз.

Шаар Израил армиясынын абадан тез-тез чабуулдарына дуушар болууда. Шаарга масштабдуу чабуул башталса, жүз миңдеген палестиналыктардын качканга жери калбайт.

Белгилей кетсек, 12-февралга караган түнү Израилдин куралдуу күчтөрү Рафах шаарына катуу сокку урган. Жардыруулардын натыйжасында 100 адам каза болуп, 230дан ашуун адам жаракат алган. АКШнын президенти Жо Байден Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө Рафах шаарында жайкын тургундарды коргоо боюнча так пландары жок аскердик операция өткөрбөөнү сунуштады. Нетаньяху CBC News телеканалына Израил менен Хамастын ортосунда туткундарды алмашуу боюнча келишим түзүлсө, Израилдин Рафах шаарына чабуулу кийинкиге жылдырылышы мүмкүн экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости